Максим Бакиев ээлик кылган, бирок эмнегедир учурунда улутташтырылбай калган “Ала-Тоо” мейманканасын “Кыргыз мунай” ишканасы менчиктештирип алганы Жогорку Кеңеште айтылып чуу болду. Бирок тез эле бас-басты болуп дымыды. Көрсө бул “Кыргыз мунай” ишкананын ээси, кезинде Максим Бакиев менен шилекей алышкан эң жакын адамдарынын бири катары саналган Исхак Пирматов экен. Бул кыраан учурунда “Кыргызнефтигаз” ишканасын жасалма банкрот кылып, Максим экөө менчиктештирип ала турган болгондо, революция болуп кетип тилектерине жетпей калышкан. Кийин 256 миллион сом мамлекетке зыян келтирген былыгы ашкере болуп, кылмыш иши козголуп камала турган болгондо “карга карганын көзүн чокубайт” болуп парламент сактап калган. Ошол бойдон кылмыш иши жанданбай, “Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп токтоп турат. Исхак болсо учурда “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп, “мурдун балта кеспей” басып жүрөт. Сыягы канчалык көп жесең, ошончолук эркин болот окшойсуң… Парламентке болсо эзели келбейт. Анда-санда эле жеке кызыкчылыгына байланышкан маселе көтөрүлүп калып эле булуттан чыккан айга окшоп жылт этпесе, жыйынга дээрлик катышпайт. Бүгүнкү күндө Пирматов ээлик кылган ишкана “Ала-Тоо” мейманканасынын ордуна көп кабаттуу үй тургузуп жатат. Демек, бир кезде  Максим ээлик кылган мекемеге, бул күндө Пирматов ээлик кылып, үй салып жатканына караганда, дале болсо артында Максим турат деген шек жаралат. Анткени 2010-жылдан кийин “Ала-Тоо” мейманканасынын улутташтырылбай, бутташтырылып отуруп башкага эмес, Максимдин эң жакын адамы Пирматовго тийип калганы күмөн жаратат. Андыктан тиешелүү укук коргоо органдары бул ишти кылдат текшерип, мыйзамсыз сатылып кеткен обьект боюнча кылмыш ишин козгоосу керек. Президент Алмазбек Атамбаев бул көз боёмоочулукту өз көзөмөлүнө алууга тийиш. Антпесе, бул иш көз жаздымда калып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы ыктымал. Качанкыга чейин эле Бакиевдер менен анын тегерегиндеги шылуундар кыргыздын ырыскысын мүлжүп, кемире бериши керек?.. Жети жыл өттү, жетет да эми. Бакиевдердин өздөрү сыртта туруп алып, бул жактагы “куйруктары” менен Кыргызстанды тоногон схемаларына акыры бөгөт коюлуш керек го…

Булак Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here