Ырасында Россия кубаттуу мамлекет, анан дагы жаманбы, жакшыбы биз-кыргыздар аларды дос кылып, кээси менен таянып, жардам алып келатабыз. Кийинки кыйчалыш заманда, кубаттуу мамлекеттер да жөлөк издеп, чакан мамлекеттерди өзүнө тартып жаткан кезде, биз Россияга берилип турабыз. Ооба, орустар бизди небактан эле багындырып алган, мен муну сөздүн түз маанисинде эле айтып жатам. Мен орустарга эч кандай каршылыгым жок, алардан келген жакшылык менен жамандык бирдей эле көлөмдө экенин, бизге келген  эркиндик деген салыштырмалуу эле түшүнүк экенин эстен чыгарбайлы деген ниет менен жазып жатканым…

РЕН ТВ деген телеканалды баарыбыз эле билебиз, анын «Военная тайна» деген көрсөтүүсүн кези менен көрөбүз. Мына ошонун туруктуу алып баруучусу Ревенко деген өгүнү  минтип жатат: «Монгол-татарлар деген Россиянын 300 жыл эзбептир деле… Жанагы «Куликов салгылашуусу» дегенди илгерки иконалардагы сүрөттөрдө чагылдырган экен, ошол жерде чабышып жаткандардын баарынын эле кийими окшош экен, демек, орус эли бири –бири менен согушса керек…». Мына, көрдүңүзбү, Ревенконун сөзү менен орустардын «улуу» шовинисттиги айтылып жатпайбы. Мага мындай сезилет: орустар кийинки убактарда өз тарыхын тазалап жаткандай көрүнөт, жалаң жакшылык жагына, атак-даңк жагына буруп, орус дүйнөдөгү эң улуу, каарман ж.б. кыйын эл болгон деген жасалма сыпаттаманы берип жаткандай. Иван Грозныйдан баштап орустардын бардык эле падышалар элине кам көргөн, укмуштуудай акылман,  душманга тургус сокку урган баатыр полководец болгон экен.

Ойлоп калам, тарыхты каалагандай бурмалап, элдин кулагына куя берсе,   чындыкка айланат тура деп. Баам салыңызчы, дүйнө тарыхында Иосиф Сталиндин өзүнө гана тийешелүү бийик орду бар. Ал Совет бийли там-туң баскан кезинен бийлик башына келип, колхоздоштуруу, индустриялаштыруу жана маданий революция жасап СССРди кадимки мамлекетке айланткан, анан да  дегеле буга чейин болуп көрбөгөндөй аябагандай кубатуу мамлекет-фашисттик Германиянын ташын талкан кылган да ушул Сталин. «Мамлекетти сокосу менен алып, атом бомбага ээ болгон кубаттуу мамлекетке айлантты» деп Черчилл айтыптыр дегенди баарыбыз кайталап жүрөбүз го. Черчилл деген СССРди аябай жек көргөн, өтө куу, акылдуу, өз убагындагы мен деген саясатчылардын бири болгон эмеспи. Демек, анын айтканы бекер жерден чыкпагандыр… Азыр орустар Сталинди «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге» чаап, кээси менен аны клоун кылып, кээси менен бечара кылып, а турсун кемакыл кылып кинолорду тартып жатат. Ошолорду жараткан адамдар Сталин туруп келсе, бери деген сийип жиберишмек! Бир кинодо, маршал Жуков «нет, товарищ Сталин!» деп, кадимкидей эле ага акаарат көрсөтүп жатпайбы. Ушул жерде чындыктын өлгөнү, орустардын шовинистиги аша кеткени! Биз Василевскийдин, Жуковдун, Рокоссовскийдин, Коневдин, Штеменконун, Чуйковдун жана башка полководецтердин эскерүүлөрүн окуганбыз, аларды окубанан азыр 60 жаштан өткөн кыргыздар аз болсо керек, ошолордун баарында Сталинди сындаган кеп жок! Азыр орустун деле, башка элдердин деле жаштары Сталинди кийинки  орус кинолорундагыдай келесоо, айбан көрүп жатышат да… мындай маанайды алып келген иш- мамлекеттик айбанчылык! Эмне үчүн орус бийлиги Сталинди жек көрдүрүп, баа-баркын таман алдындап кылып жатат? Анкени, кайдагы бир грузин орустарды кыңк эттирбей отуз жыл башкарып жатпайбы. Үч жыл эмес, отуз жыл! Анан улуттук намыс аша чаап турбайбы…

Тээ мурунку тарыхында орус мамлекетинин жери Москванын эле тияк-биягы тура. Анан басып алуучулук саясаты ушунчалык иштеп турган экен, тээтетиги Камчатка, Сахалинге чейин басып албадыбы.

Бүгүнкү күндө Россиянын аянты 17 млн 075,4 миң кв километр. Салыштырыңыз: Кыргызстандыкы 199,9 миң кв. км, Японияныкы 372,8 кв. км. Россияга караганда 60 эседей кичине. Эми ошол кенедей Япониянын кичинекей бир аралын басып алган орустар, аны бер десе, тырышып бербей келет, жеринин «бүтүндүгү» бузулат экен. Ал жер Японияныкы экендиги жөнүндө бир ооз кеп жок. Кечээ жакында эле Россия каратып туруп Украинадан Крымды тартып алды. Ошондон тартып орустардын бардык маалымат каражаттары Крым деген илгертеден Россияныкы экендигин какшап айтып атат. Баса, бизде орус мамлекетинин гезиттери өңдөнгөн «Вечерний Бишкек» менен «Дело №» гезити да «куюшканга кыпчылып» орустардын кебин колдоп «жакшы» божурашты…

 

Моюнга алган оң, Социалисттитк революциядан кийин кыргыздын көзү ачылып, багы кошо ачылып, эми ошол бактбызды жакшы көтөрө албай жосунсуз иштер күн санап өсүп, кайрадан артка кетип жатканыбыз. Күндөн күнгө көп айтылып жатат, «кыргыз деген кезегинде дүйнөүн жарымын бийлеген, Улуу каганат болгон, уйгурун да, калмагын да, кытайын да, башкасын да талкалап бийлик жүргүзгөн» деп. Эми басып өткөн жол ошол жакта калды, бизге реалдуу кызмат кылып бере албайт, мисал болор, моралдык жактан колдоо болор… биз азыр кыйын болушубуз керек, азыр баатыр болушубуз керек… Ошентип, Социалисттик революция болгон тушта, кыргызыңда билим жок, эки тараптуу эзүүгө туш болуп эркиндик жок, тиги жок, бу жок болуп, ырасында эле бечера калк болуп күн өткөрүп жаткан да.  Орустар азыр ошол революцияны танып жатат, Николай заманы уланса болмок деп бармагын барча тиштегендери бар… эми алардын өз иши. Ал эми биз окшогон элге революция бар жакшылыкты алып келди го. Лениндик-сталиндик идея бар улуттарды бирдей укукта, деңгээлде жашатуу болчу, эч кандай жасалмалуулук жок эле да. Орто жерден орустардын шовинисттик сезими кылтылдай ойноп, башка элдерди экинчи сорт кылып турду да. Ооба, ал тескери идея официалдуу жарыяланган жок, бирок, ар улуттун алдыңкы катарындагы түшүнүктүү адамдары аны түшүнүп турду… Бөтөнчө кыргыз, казак, азербайжан элдеринин башында турган жетекчилик орустардын шовинисттигин анык түшүнүп, алардын таманында тапталды… башкасын айтпаганда да Усубалиевдин орус тилин «экинчи эне» тили кылып бергени кызык болбодубу…

Анткени менен кыргыз эли илим-билимге тез көнүккөн, дээринде бар эл экен, цивилизациянын бар жетишкендигин өзүнө сиңирип, тез  өсүп турду… Бирок, кадимки турмушта орустардан кийинки орунда болуп турмуш улады да. Кийинки эле өткөн кылымдын 60-70-80- жылдарында азыркы Бишкек мурунку Фрунзе кадимки эле орус шаары болуп турчу: кыргыздар аябай аз, нечен бир эр-азаматтар орустардын чал-кемпирлерине кор болуп квартираларда турат, кыргыздар завод-фабрикаларга эптеп орношсо, акчасы аз, бирок, атакарчу жумушу аябай оор жумуштарга чектелет, кыргыз улутунун борбору деген шаарда бир-эки эле кыргыз тилинде окуткан мектептер бар болчу, иши кылып  кыргыз басынып турчу көрүнүштөр толтура болчу. Баса десең, эми деле Бишкек шаарындагы 90дон ашык мектептин беш-алтоо эле кыргыз тилинде. Орустарды кыргызча үйрөтөбүз деген идея тээ илгертеден эле бар эле, ал эми аны официалдуу түрдө эркин мамлекет болдук дегенден баштадык, тактап айтсак, 1992-жылдан баштап. Бирок, ушул күнгө чейин бир дагы орус кызматкерге кыргызча үйрөтө албай келебиз. Ошол иш биздин жамандыгыбыздан, коркоктугубуздан болуп жатат, айтканыбыз бир да жасаганыбыз таптакыр башка. Эгерде кыргыз тили орустарга чын элек керек, турмушуна аябай кажет болгондо, ойрон орусуң аны бир айда эле үйрөнүп алмак. Тилибизди өнүктүрөбүз деген мамлекеттик уюм да бар.

Азыр анын атын өзгөртүп «тилибизди сактоо уюмсу» деш керек эле. Анткени, биринчиден, кыргыз тилине өнүгүүнүн кажети жок, ал аябагандай бай тил, экинчиден, күндөн күнгө орус тилинин тебелендисинде калып жатат. Азыр тил комиссиясынын башында жаланып-жуктанып, асмандын башын сүйлөп Назаркул Ишекеев турат. Ал жакшы, бирок, канча орусту кыргызча сүйлөттү, ошентүүгө ал комиссиянын укугу барбы, болсо, эмне иштер аткарылып жатат, кыргыз тили кирди-чыкты турмуштагы ролунан жогору турууга канча жыл керек? Азыркыдай талап менен дале болсо, бир орус дагы кыргызча сүйлөп бербейт. Ошол дурайындар, кыргызча үйрөн десе, айткан кишини дароо эле улутчул кылат да турат. Эми эмне айла кылдык?! Мына ушуну жазып жаткан мен да улутчул турбаймынбы?!

Кандай айтсак да азыр биздин таянарыбыз да орус, жардам суранарыбыз да орус, тилектешибиз да орус. Анын көп себептери бар: биринчиден, орус улуту менен көп жыл алака жашап, мүнөздөрүбүз окшоп барат, башка элдерге караганда алардын маданияты, искусствосу бизге жакын, экинчиден, орус көп улуттарга караганда жакшы мамилеге ишенимдүү, негизги массасы айкөл болот, үчүнчүдөн, орустар бизге жардам берип турат жана да көп буюм-теримдерди орустардан алабыз, төртүнчүдөн, орустар да бизге ишенип, дос мамлекеттенрдин катарына чын дилден кошуп алган… ушул маанай менен көпкө кеп салууга болот…

…80-жылдар болсо керек. Мэриянын маңдайында автобус күтүп олтурам. Мындайраакта жол көзөмөлдөө кызматынын  машинасы токтоп, жол эрежесин бузган жөө адамдарды айтып жатат, жалаң кыргыз фамилия. Жанымда бир өлө-сөлү орус чал олтурду эле, ошол мага айтыбатпайбы: «Бу силерде эмне, жол эрежесин үйрөтпөйбү?»  Шүмшүктүк көзүнөн куюлган чал үн катпады…

Жок, жок, орустарга душман болуунун кенедей да кереги жок. Эгерде ошентсеке, алар аз эле күндө миллиондорун сапырат да бизде будуң-чаң түшүрүп коөт. Биз акчага сатылган, акчага жеңилген улут болуп турганда акча менен бардык нерсени жасоого боло тургандыгын эсибизден чыгарбайлы!

Ооба, орустар бизди экинчи сорт кылып карачу мезгил өтүп барат. Биз майда-барат кылыктарыбыздан арылышыбыз керек: троллейбуста, маршруткада телефондон кыйкырып сүйлөгөндү, концерттерге желмогузда болуп барганды, кытайдын күрмөсүн кокочо кылып кийип алып ар кай жерде жүргөндү, жерге балчайта түкүргөндү, көчөдө баратып семичке чакканды ж.б. ушул сыяктуу майда-барат кылыктардан арылсак, мыкты улут болгонубуз ошол…

Автор: Баратбай Аракеев

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here