Чагылган: Бүгүн социалдык түйүндөргө жарыяланган наристе кыздын бата берүүсү тууралуу  эки жарым мүнөттүк тасма учурда кызуу талкууга алынып жатат. Аны көргөндөрдүн көбү колдоп, баа берип жатышса, айрым түшүнбөгөндөр жерге түкүргөндөй мамиле кылып жатышат. Бирок ошол кыйынсынып, сын жазып жаткандар эң алды ошол периштедей аруу кыздын тилегиндей тилекти айта алабы? Кеп ошондо? Карап, көрүп, көңдөй көкүрөк менен, тескери түшүнүк менен ар кандай сындай бериүү ар кимдин эле колунан келет. Бирок береги периште кыздай мамлекет үчүн, ата-эне, наристе, деги эле адамзат үчүн эң мазмундуу, эң терең тилектүү тилеп айтуу, жөн гана айтуу менен эмес, көз жаш кошуп, Кудайдан тилөө, наристелерди кой, кадыресе чоң адамдардын деле колунан келе бербейт.  Ал иш чара кайсы жерде, эмне болгон иш-чара экени тууралуу толук маалымат жок. Бирок тилек тилеп, бата кылып, залда олтурган айтылуу дин аалымы Абдышүкүр ажыны баш кылып, ыйлаткан наристе «Үмүт-Ак шоола» аттуу балдар бакчасында тарбияланат экен. Эмесе, аруу кыздын ак батасын көрүп, ага узун өмүр, кең келечек тилейли. Батасы кабыл болсун дейли. Сын такканды коёлу. Бул жерден бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эч кандай кажети жок.

https://www.youtube.com/watch?v=kH2tjJQM1oo&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here