Муфтият мусулмандарды Казакстанда коюла баштаган ирандык режиссердун “Мухаммед” аттуу тасмасын көрбөөнү сунуштаган фатва чыгарды.

Ирандык режиссер Мажид Мажиддин 2015-жылы мусулман пайгамбарынын өмүр баяны жөнүндө тарткан “Мухаммед” тасмасы Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Бирок, тасма прокатка чыккан күнү Казакстан Мусулмандар дин башкармалыгы көрөрмандарды бул фильмди көрбөөгө чакырган фатва чыгарды. Казак муфтиятынын жүйөсүндө, ислам дининде Мухаммед пайгамбардын элесин чагылдырууга тыюу салынган. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бауыржан Абдуали мындай деди:

— Биздин фатва бөлүмүндө адистерибиз бар. Алар жалпылап чечим чыгарышат. Көрсөк болобу, пайгамбардын ролун аткаруу шариятка туура келеби деген сыяктуу көптөгөн суроолор түшүп жатты. Фатва бул соттун чечими эмес. Биз шарият боюнча чечимди айттык. Эмне кылышты адамдар өздөрү чечет.

Муфтият кызматкеринин айтымында, айрым өлкөлөрдө дагы дин мекемелери бул тасмага ушундай фатва чыгарышканы эске алынган.

Иран кино тармагында «Мухаммед» көп каражат сарпталган тасмалардын бири, атап айтканда ага 40 миллион доллар жумшалганы айтылган. Бул фильмди көрүүгө Египет жана бир катар суннит мусулман өлкөлөрүндө тыюу салынган. Былтыр Орусиянын Түндүк Кавказында чыгарманын бет ачаары каршылык менен коштолгон.

Анткен менен кино таануучу Гульнара Абикеева мусулман пайгамбары жөнүндө тасма тартылышы кинематография тармагында жаңылык болууда дейт.

— Азыр дүйнөдө карама-каршылык болуп жатпайбы. Бирөө Будданын тарыхын, бирөө Иса Машаяктын тарыхын сунуштап жатышпайбы. Бирок, исламдын тарыхы кинодо аз чагылдырылат. Ошондуктан тартылганы жакшы.

21-апрелде Казакстандагы алты кинотеатрдын экөөндө тасманын бет ачаары өттү. Кинотеатрдын өкүлдөрү билеттер жакшы эле сатылып жана фильмге кызыккандар көп экенин айтууда. Алгач «Мухаммед» тасмасы февраль айында Алматыда атайын чакырылган конокторго сунушталган. Ага дин кызматкерлери дагы катышканы маалым.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here