Чагылган: Ушул айда Өзбекстандын «Чодак» айылындагы «Саиджалолходжа» мечитинин имамы Ахмоджан Эшматов сот жообуна тартылгандыгын өзбек басма сөз булактары жазышты. Анда, 44 жаштагы имам Өзбекстандын профсоюздар Федерациясына тийиштүү санаторийге барып шариат айтканы үчүн соттолууда.

Имам Ахмоджан Эшматовго, Өзбестандын 241 беренеси менен ( «Диний сабактарды өтүү боюнча коомдук тартипти бузуу»)  кине коюлуп, акчалай салык салынган.

Өзбек УКМКсы, имамга, экинчи жолу мындай кайталана турган болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти. Анткени, Өзбекстанда атайын билими жок жана Уламалар кеңешинин уруксаатысыз диний шариаттан дават айтууга тыюу салынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here