АКШнын American Airlines авиакомпаниясынын борт узатуучусун Даллас -Сан-Франциско каттамында жүргөн борттун ичинен кардар менен урушканы үчүн кызматтан четтетишти. Бул тууралуу Life басылмасы билдирет.

Окуянын күбөсүнүн айтымында, экөөнүн ортосундагы айтыш кардар баланын коляскасын отургандардын үстүндөгү текчеге койгусу келгенден башталган. Тасмада колуна бала көтөргөн келин , «коляскамды бергиле» — деп ыйлап жатканы тартылган.

American Airlines, аталган «скандал» боюнча тергөө иштери болгондугун билдирди.

«Тасмададагылар биздин кардарларга болгон мамилебизди түшүндүрбөйт. Биз аталган кардарга жана анын бүлөсүнө , башка кардарларга келтирген кыйынчылыгыбыз үчүн  өкүнүү менен кечирим сурайбыз. Тасманы көрүп биздин коллектив да ыңгайсыз абалда калдык. Ызы-чууга катышкан кызматкер, иликтөө иштери бүткөнчө жумуштан четтетилди», — деп кабарлаган American Airlines

https://www.youtube.com/watch?v=ErorRedSmUk

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here