Биздин элдин дарыгерлеринин колдонула турган уулуу өсүмдүктөрдүн бири — күчала. Бул өсүмдүктүн дарычылыкка анын тамыры колдонулат. Ал чөптүн тамыры тыйындай гана тегерек болот, эгер аны көбүрөөк жеп алса адам тырышып өлүп калат дешет. Бирок өлчөмүн билип алып, аны колдонууну аз-аздап акырындап көбөйтсө, күчала адамдын иммунитетин күчөтүп, организмдин ооруга туруштук берүүсүнө жардам берет экен. Эркектердин бел күчүнө да кубат берет деген кеп бар.

Илгери кыргыздар балбанды күрөшкө даярдаганда күчаланы аз-аздан кымызга кошуп берип каруусун чыңдап, кара күчүн көбөйтүшчү экен. Эгер адам күчаланы такай 10-15 жыл ичсе, аттын такасын колу менен сындырат, жылан, кара курт, чаян чакса алардын уусу өтпөйт дешет. Дарыгерлик менен көп жыл алектенип жүргөн Мамат Болоттун айтуусу боюнча күчала эки түргө: эркек күчала, ургаачы күчала деп экиге бөлүнөт. Эркеги тоодо таштак жерде, ургаачысы ным, саздак жерде өсөт.

Эркеги бул жерде жок (Базар-Коргон Району, Талды-Булак айылы) ургаачы күчала биздин эле айылдын чет жакасында бар деди. Экөөбүз бирге аны казганы бардык. Ургаачы күчала картошкадай борпоң болуп, аны ным кезинде бычак менен жука кылып тилип, жипке тизип кургаттык. Кургагандан кийин кол тийсе эле быркырап, морт болот экен. Мен өзүм аз убакыт, тактап айтканда, 20 күндөй ичип жүрдүм. Албетте, аттын такасын сындырып көргөн жокмун, анткени андай максат деле койгон эмесмин, жыланга да чактырбадым. Бирок уйкум сергек болуп, күч-кубат пайда болду, денедеги кандайдыр бир жылыштарды сездим. Кийин эркек күчаласын да ичип көрдүм.

Эркек күчаланын тамыры тыйындай тегерек, жалпак, мүйүздөй катуу болот экен, казып алгандан кийин аны кичине чуңкур жер казып, күчаланын тамырын ак чүпүрөккө ороп чуңкурга салып, үстүнө ысык суу куюп көөмп коюп, бир аз убакыттан кийин, ылжырап эзилип калганда казып алат экен. Анын кичине эле бир бөлүгүн бычак менен кесип алып колдонот экен. Акырындык менен өлчөмүн аз-аздан көбөйтүп отурса организм көнүп, кийин чоңураак эле өлчөмүн көтөрө тургандай абалга жетсе болот. Бирок эркек күчаланын табылышы кыйын, аксакалдардын айтымында, алардын гүлү түнкүсүн күйүп турат экен. Анан ошол гүлдүн сабагына чүпүрөк байлап коюп, кийин бышкан кезде казып алчу дешет. Же болбосо шол эркек күчала өскөн жерлерден койлорду айдап өтсө, койлордун туягы тийгенде, анын тамыры теңгедей тегерек болуп, сыртка чыгып калат экен

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here