Чагылган: Жашоодо , дегеле адамзат турмушунда аял-эркек маселеси бүтпөгөн тема эмеспи. Анысы кандай, дүйнөнүн ар кай бурчунда буга ар кандай мамиле жасалат. Дегеним, ар мамлекеттин элдеринин дини, үрп-адаты, көз-карашы боюнча, коомдо аялдын жана эркектин орду эки башка, өйдө-ылдый позицияны ээлейт. Батышта аялдардарга тең укуктуулук маселеси роль ойносо, мусулман өлкөлөрү аял үйдүн куту деген позицияны карманат. Ошентсе да, төмөндөгү жагдайды сиздер да биз менне бирге биринчи окуп, таң калсаңар керек.

Аял күйөөсүнөн үй жумуштары үчүн акча өндүрүп алды

Алты жылдан бери үй жумуштарын жасаган испаниялык аял күйөөсүнөн 24 миң евро өндүрүп алды. Бул тууралуу РИА Новости El Mundo басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Сот буга чейинки инстанциянын 23 миң 628 евро төлөп берүү боюнча өкүмүн күчүндө калтырды. Былтыр Кантабрия провинциясынын соту Испаниянын тургунун чогуу жашаган жылдары аялдын үй иштерин жасаганы үчүн ага акча төлөп берүүгө милдеттендирген.

Түгөйлөр 2007-жылы ажырашканы менен 2013-жылдын май айына чейин чогуу жашашкан. Себеби ушул убакытта гана алардын ажырашуусу расмий күчүнө кирген. Бул мезгил аралыгында аял жумушун таштап бир гана үйдүн түйшүгү менен алектенген. Сот түгөйлөр чогуу жашаган учурда аялы үй жумуштары менен алектенгендиктен күйөөсү өзүнүн финансылык кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алган деген жүйө келтирген.

 Көп аял алган эркектерге акча төлөп берүү сунушталууда

Ирак депутаты Жамила аль-Абиди эркектерге бир нече аял алууга уруксат берүү демилгесин сунуштады.

Мындай жол менен эл өкүлү Иракта 1,5 миллионго чукул ажырашкан жана жесир аялдардын маселесин чечүүгө болорун болжолдогон.

Ошондой эле ал өз демилгесинде көп аял алган эркектерге кошумча акча бөлүп берүү сунушун да киргизген. Демилге социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, эл өкүлүнүн оюна макул жана каршы болгон колдонуучулар эки жаттка бөлүнүп кетишкен. Адам укугун коргогон активисттер Ирактын мыйзамында эгер эркек көп аял алууга мүмкүнчүлүгү жана биринчи аялы буга макул болсо үйлөнсө болот деген берене бар экендигин эскертишкен.

Ал эми демилгеде көп аял алганга кошумча акча төлөп бериш керек деген сунушуна караманча-каршы экендигин билдиришкен. Анткени бул учурда аял никеге муктаж болгону үчүн гана макул болуп, анын адамдык сапаты экинчи орунга калып каларын айтышкан. Мында аргасыздыктан улам турмушка чыкпаш үчүн аялдарга алгач жумушка орношуп иштөөсүнө көмөктөшүү керек экендиги белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here