Алар аскалуу бөксө тоонун жогору жагында туруп, төмөн жакта ит камап турган кулжаны эки-үч жолу таш менен койгулап, акыры өлтүрүп тынышкандыгы тууралуу тасма соцтармактага чыгып, катуу талкууга түштү. Кызыл китепке кирген жаныбарды мыкаачылык менен өлтүрүп жатышканын, ал ээси жок балдар бул «эрдигин» соткага тартып алышкан. Бирок качан, кайсыл жерден жана алар кимдер экендиги тууралуу так маалыматтар жок. Бул окуя боюнча азырынча тишелүү мекемелер маалымат билдирише элек. Белгилүү болгондой, кулжаны өлтүргөндөргө  500 миң сомдун тегерегинде айып салынат. Ал балдар табылабы, табылса, айып салынабы, азырынча  белгисиз.
https://www.youtube.com/watch?v=9S8JhcYXJHY&feature=youtu.be

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here