Биздин өлкөдө сойкулукка расмий түрдө тыюу салынган. Биздин улуттук каада-салт, менталитетибизге такыр туура келбейт. Бирок ошого карабастан, акыркы жылдары кыргыздын бир топ кыздары сойкулук менен алектенип келишет. Ыйман кетти, абийир кетти. Өзгөчө борбор шаарыбызда сойкукана, сауналардын саны көп. Алардын бир тобун атка-минерлер, милициялар калкалап келишери айдан ачык. Ушул себептен улам сойкулук менен күрөшүүдөн майнап чыкпай келет десек болот.

Сойкулук байыркы кесиптердин бири экендиги баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Андыктан ал тууралуу ашыкча маалымат берүүнүн да кажети жоктур. Ошол себептен азыркы учурда интимдик кызмат кайсы мамлекетте кандай нукта “өнүгүп” жатканына саресеп салдык. Бирок кандай өнүксө ошондой өнүгө берсин, айтор бул жагы өз баштары менен кетсин дейли. 

Таиланд

Дүйнө жүзүнө “Секс туризм” деген аталыш менен белгилүү болгон Таиландда мамлекет тарабынан тыюу салынгандыктан сойкулук мыйзамдаштырылган эмес. Ошондой болсо да жашыруун түрдө туристтерди тейлеген сойкуканалар бар.

Чехияда…

Чехия мамлекетинде сойкулук мыйзамдаштырылган. Ал мыйзамдын негизинде сойкуларга интимдик кызматты атайын белгиленген жайда гана пайдаланууга уруксат берилген. Башка жерде кызмат көрсөткөн сойкулар жоопко тартылат.

Германияда…

Германияда да сойкулук мыйзамдаштырылган. Аталган өлкөдө сойкулукту кадимки жумуш катары эле кабыл алышат. Бирок кимдир бирөө сойкуну мазактап, кордосо жоопко тартылып, төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

Голондияда…

Голландия мамлекетинде сойкулук 1988-жылы мыйзамдаштырылган. Кызыгы, мамлекеттин карамагындагы банктарда сойкулар үчүн атайын эсептер ачылган.

Андыктан мамлекеттик казынага бир топ киреше түшүп турат.

Түркияда…

Түркияда Голландиядан айырмаланып сойкулукту мыйзамдаштырууга тыюу салынган. Анткен менен мамлекетке салыктын көбүн сойкулар төлөшөт.

Тайванда…

Тайвань мамлекети дүйнөгө эң арзан сойкулары менен белгилүү. Бир гана борбор шаарында сойкукана ачылган эмес. Ал эми калган баардык аймактарында, ал тургай алыскы кыштактарына чейин сойкукана ачылган.

Америкада…

АКШнын бир гана штатында денесин сатуу үчүн сойкуларга уруксат берилген. Бул жакта жумушсуздар гана сойкулук менен алектенишет. Кызыгы, “кыздык” белгиси анча бааланбагандыктан сойкулук сейрек кездешет.

Түгөйлөр болсо жарандык никеде жашашып, качан гана бири-бирине көнүшкөндөн кийин баш кошушат. Ошон үчүн бул жакта сойку деген түшүнүктү башкача кабыл алышат.

Элдин көпчүлүгү: “Колунда жок жакыр кыздар гана сойку болот” деп ойлошот.

Францияда…

Францияда болсо сойкулук 1946-жылы эле мыйзамдаштырылган. Анткен менен көчө сойкуларына катуу тыюу салынган. Себеби, көчө сойкуларын эл: “Жаман оорулардын түрүн тараткан өлүм коркунучтары” деп эсептешет.

Италияда…

Италия мамлекетинде 2002-жылы сойкулук боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Аталган мамлекетте элдин көзүнчө денесин саткан сойкулар айып пул төлөшөт. Мыйзамга ылайык сойкулар жашыруун түрдө гана иштегенге укуктуу.

Автор: Нуркамил Адилазиов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here