Америкалык белгилүү комедия жанрынынын актеру Жим Керри колдоочуларын эки күн мурда Twitter баракчасында жарыялаган сүрөтү менен «шок» кылды.

Сүрөтүнүн алдына «Пасха майрамыңар менен!», — деп жазган 55 жаштагы актердун сүрөтүнө 33 миң ретвит жана ушунчалык көп комментарийлер жазылган. Көптөгөн интернет колдонуучулар, актер өз жашынан алда канча улуу көрүнүп калганын жазышкан. Ак чачы, бырыш баскан бети жана үксүйгөн сакалы Керрини  чалдай көрсөтүп койгон.

Акыры «поклонниктери» , бетине бат эле ушунча бырыш түшүп жүдөй түшкөнү атактуу комиктин сүйлөшкөн кызы — Катрион Уайтка байланыштуу узакка созулган сотунун кесепети деген жыйынтыкка келишти. Катрион, 2015-жылы сентябрда актер менен ажырашкандан кийин өз жанын кыйган. 2016-жылдын күзүндө кыздын энеси актерду кызынын өлүмүнө күнөөлөп сотко берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here