Тынымсыз эле ооруй берген балакайга анын организминин өзгөчөлүгү жана аны курчап турган сырткы чөйрөнүн таасирине байланыштуу болот. Ал эми ички факторлорго төмөнкү себептер тиешелүү:

  1. Балакайдын организми жана иммунитети менен дем алуу органдары калыптана элек.
  2. Кош бойлуулук учурунда жана төрөт маалында эненин көп ооругандыгы. Себеби мындай шартта баланын инфекцияга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү азаят. Ошондой эле сырткы чөйрөгө көнүү жөндөмүнүн деңгээли төмөн болот.
  3. Дем алуу органынан жабыркаган тукум куучулук илдети.
  4. Байкалбаган (скрытая) аллергиялык түзүлүш же байкалган аллергиянын инфекцияны козгоосу.
  5. Өнөкөт инфекциянын булагы мурун, ооздо болушу. Мында вирус менен микробдон коргонуу мүмкүнчүлүгү жок болот.

Балакай тез-тез ооруга чалдыга берген учурда, балага абдан көңүл буруп, кам көрүү керек. Сасык тумоого чалдыкканда дароо эле дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жатып калбайт. Анын алгачкы белгилери пайда болот. Эң эле жөнөкөйү мурдунан суу агып калат. Бул сасык тумоого чалдыкканынан кабар берет. Бул учурда сиз ыкчам аракет көрүшүңүз керек. Дароо эле күнүнө үч маалдан мурдун туздуу суу менен тазалап жууп туруңуз. 2-3 тамчы ичине тамчылатуу керек. Андан ары мурдунан суу агып баштаганда дароо компот кайнатып, суюктукту көп бериңиз. Бал кошуп чай бере бериңиз. Эгер тамак иче ала турган куракта болсо, анда суюк тамак, шорпо жасап берүү зарыл. Эмчекте болсо тез-тезден эмизип, мурдуна туздуу суу тамызып караңыз. Дароо доктур чакыртып же алып барып текшерүүдөн өткөрүңүз.

Үйүңүздү да сергитип, тазалап, төшөлмөлөрдү жууп, таза кармаңыз. Кийимин тез-тезден карап туруңуз, тердеп кетсе дароо алмаштырыңыз. Каалашынча уктаганга мүмкүнчүлүк, жакшы шарт түзүп бериңиз. Бөлмөнү салкындатып, тынч абалда болгудай болсун. Мындан сырткары коомдук унаа каражаттарына түшүүгө тыюу салынат.

Негизинен сасык тумоо күчүн 3 күндүн ичинде жоготот. Андыктан үч күн күчөтүлгөн абалда кам көрүү талап кылынат. Ушул сыяктуу сасык тумоого чалдыгуудан 2-3 жолу кайталаган учурда дары-дармек бербей, табигый жол менен дарылап айыктырып алсаңыз, балада коргоочу иммунитет пайда болот.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here