Вольф Мессинг 1899-1974-жылдары жашап өткөн. Бирок азыркы күнгө чейин мындан кийинки келечекти дагы алдын  ала айткан үчүн али күнчө атактуу. Албетте, ал жөнүндө ар ким өз оюн айткан. Ал тургай өзү дагы же  Кудайга, же шайтанга кызмат көрсөтүп жатканын билбеген бойдон көзү өтүп кеткен. Ал дайыма өзүнө мен киммин деген суроону көп берген. Бирок ошого жооп таба алдыбы, же таба албадыбы ал бир Кудайга жана өзүнө гана белгилүү. Ошол себептен биз Мессинг жөнүндө айрым  гана маалыматтарды баяндап берүүнү туура көрдүк.

Таарынычтан жаралган тагдыр

Вольф “болоор бала богунан” дегендей кичинекей кезинен эле башкача бала болуптур. Айталы, ал үй-бүлөсүн багып жаткан уйдун эртеси өлөөрүн билип, кечинде уй менен коштошот. Аны көргөн атасы уулуна жини келип ачуусун андан чыгарат. Айткандай эле эртеси куландан соо турган ую өлүп калган болот.

Ошондо Вольфтун атасы уйдун өлүмүн уулунан көрүп урушууга чейин барат. Атасына таарынган өспүрүм курактагы Вольф бир тыйын акчасы жок, ачка бойдон Берлинге кеткен поездге түшөт. Көп убакыт өтпөй поезддин узатуучусу билет текшерип Вольфтон билет талап кылат. Андан жашынууга аракет кылган Вольф жерде жаткан актай кагазды ага сунат. Узатуучу актай кагазды ага сунат. Узатуучу актай эле баракты билеттей көрүп унчукпай алып кетет. Бул Вольфтун көз боёмочулук касиетин ачкан биринчи далили эле.

Берлин бешенеден сылабады

 Албетте, чоң калаа  Вольфту башынан сылап тосподу. Акыры ачкалыктан жыгылып, эс-учунан танды.  Ал тургай аны өлдү деп моргго жаткырып коюшкан. Арадан канча убакыт өткөнүн ким билсин, айтор бир кезде Мессингге кайрадан жан кирди. Ошондо врачтардын таң калганын, коркконун сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Дал ушул өлүп-тирилүү менен Вольф өзүнө да, өзгөгө да белгисиз сырдуу дүйнөнүн каалгасын ачат. Өзүнүн эч кимге окшобогон адам экенин сезет. Бирок ал кезде ушундай касиет өзүнө пайда же зыян алып келээрин билген эмес. Анткен менен анын алдын ала келечекти туура айткандыгы көптөгөн адамдарга, анын ичинде Сталинге да пайдасы тийгендиги таасын. Эми ал жөнүндө кеп учугун кийинчерээк улайбыз.

… Өлүп-тирилүү  

“Берем деген кулуна, белен кылат жолуна” дегендей, ошондон тарта Мессингдин атагы алыска чейин угулат. Ал тургай анын сеансына келген айтылуу окумуштуу Альберт Эйнштейндин оозу ачылат. Эйнштейн аны ар тараптан сынап көрүп, Мессингдин адамдын акылы жеткис касиетке ээ экендигин андагы жамы журтка жарыялайт. Бул Вольфтун илимий чөйрөдөгү жаңы жетишкендиги болуп калат.

Бирок дүйнөдөгү мен-мен деген атактуу окумуштуулар анын бир нече күнгө чейин өз каалоосу менен өлүп-тирилишинин табышмагын таба алышпайт. Буга чейин эч ким мындай ойго келбес окуяны орундата алган эмес. Азыр деле аны эч ким кайталай элек. Ошол өлүм абалында жаткан Мессинг тиги дүйнөдө эмне бар-жогун деле эч кимге ачык айтып бербептир.

“Кетем, бирок келбейм” 

Вольф Мессинг жогоруда айтылгандай өмүрдөн өткүчө өзүнүн ким экенин билбеди. Бирок таң калыштуусу, өзгөлөр тургай өзүнүн өлүмү качан келээри тууралуу билип койгон. Маселен, 1974-жылы бут оорусуна чалдыгып, врачтар ага операция жасоону сунушташат. Ал макул болот. Бирок дарыланууга бараардан мурун күзгүгө көпкө карап тигилген Мессинг кайра үйгө кайтып келбесин билет. Ал чын эле ошону менен үйүнө кайтып келбейт. Операция учурунда анын бөйрөктөрү иштебей калып, жүрөктүн иштөөсү бузулуп кайтыш болот. Ошентип, ал өз өлүмүн  дагы туура айтуу менен дүйнө жүзүндөгү ага ишенбеген каршылаштарына өзүнүн алдамчы эмес, көзү ачык дейбизби, алдын ала айтуучу дейбизби, айтор анык чынчыл, касиеттүү экендигин далилдей кетти.

Сталиндин сыноосу

Баарынан кызыгы, Германиядан качып келген Мессинг түз эле Сталиндин кабылдамасына келет. Сталин ага ишенип-ишенбей сынап көрүү үчүн ири суммадагы акчаны банктан уурдап келүүсүн талап кылат. Ошол эле учурда Сталин Кремлдин, бүт банктардын күзөтчүлөрүнө Мессингди көрөр менен кармоону буйрук кылат. Вольфтун Сталиндин эркине көнбөскө чарасы жок эле. Ал көз боёмочулук  касиети аркылуу сыртка оңой эле чыгып кетет.

Ал тургай банкирге актай эле кагазды карматуу менен бир сумка толтура ири суммадагы акчаны көтөрүп чыкканы аз келгенсип, эч тоскоолдуксуз Сталиндин иш бөлмөсүнө кирип барат.

Ошондон кийин Сталин канчалык атеист, канчалык каардуу болбосун Вольфтун көз ачыктыгы менен эсептешүүгө мажбур болот. Бирок Сталин баары бир эле ага өзү көз жумгуча сыноосун токтоткон эмес.

Жеңишке кошкон зор салымы

Канткен менен Мессингдин  Улуу Жеңиштин качан келээрин алдын ала айткандыгы, аны эл арасына жайылткандыгы СССР элдеринин ишенимин арттыргандыгын танууга болбойт. Ошол себептен Гитлер анын көзүн тазалай турган кишиге миллиондогон акчаларды сунуштаган.

Буга жооп кылып Мессинг өзүнүн каражатына самолёт жасатып, анын бооруна өзүнүн атын жаздырган. Кызыгы, ал самолёттун дагы касиетке, же бир өзгөчөлүккө ээ болгондугунда. Тактап айтсак, ал самолётту ошол кездеги эң атактуу учкуч башкарган.

Бирок ал согуш учурундагы эрдиктерине дал ушул “Мессинг” аталышындагы самолёт көмөк көрсөткөндүгүн мойнуна алган. Анткени бул самолётту көргөн немис учкучтары тайсалдап, өздөрүн жоготуп коюшкан. Демек, ушундан улам Мессинг кандайдыр бир деңгээлде самолётту да гипноздоп койгон дегенге негиз бар.

Болбосо, канчалаган асмандагы айыгышкан салгылашка катышкан самолёттун жок дегенде бир жерине ок тийиши керек эле.

Азабы-алдабагандыгы   

Согуш учурунда Мессинг алыскы айылдарга келип өз касиетин көрсөтчү.  Көп учурда ага энелер уулдарынын, аялдар күйөөлөрүнүн амандыгы тууралуу суроолорду беришкен. Эгерде алар аман болсо Мессинг жан дили менен жагымдуу жообун берген. Ал эми каза болгондугун билдирүү Вольф үчүн өлүмгө барабар эле. Анткени ал калп айтканды билчү эмес. Мындай адат Мессингдин жан дүйнөсүн кыйноого салып, анын өлүмүнүн эртелеп келишине түрткү болгондугу анык. Бирок Мессинг өлүмдөн корккон эмес. Анын корккону-ал өзүнүн ким экендигинде эле. Антсе да аны жакындан билгендер үчүн Мессинг Нострадомус сыяктуу улуу көз ачык катары алардын эсинде калды.

Өмүрдөн өтөөрдөгү өкүнүч

Мессинг кандай гана кырдаал болбосун эч кимдин көңүлүн калтырбаска аракет кылган. Бирок ага Сталин баш болуп ишенбөөчүлүк анын жүрөгүн ооруткан. Айталы, Василий Сталин ( Сталиндин уулу) жана бүтүндөй футбол командасы самолёттон ажал табаарын Мессинг Сталинге алдын ала эскертет, самолёт менен учпашын суранат.

Ал эми Сталин өзүнүн уулун гана поезд менен кетүүгө аргасыз кылып, футболчулардын самолётко отуруусуна тоскоолдук кылган эмес. Мунун кесепетинен самолёт кырсыкка учурап, андагы жүргүнчүлөрдүн бири да аман калбаган. Мессинг самолёт кырсыкка учураганын кудум кино тасмадай көз алдында  көрүп, уйкудан чоочуп ойгонгон. Ошондон кийин ал Сталинге салкын мамиле кылууга өтөт.

ңАнткен менен Мессинг өмүрүнүн көбү өткөн СССРдин , же андан жакындатып айтканда Россиянын келечегине кайдыгер карай албаган. Ошол себептен ал Россия-Украина конфликти болоорун алдын ала айтып, зээни  кейиген.

        Автор:   Нуркемел Исаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here