Чагылган: Сексуалдык жана романтикалык  жактан бир аз бошоң тарткан Германияга мындай кабар жагымдуу болбогондугун жергиликтүү ММКлар жазып чыкты. Анткени жакында эле немец бейтапканасына, балалуу боло албай келе жаткан аял-күйөө кайрылды. Алар, 8 жыл бирге турган өмүрүндө, бир да жолу интимдик катнашта болбогондугун жана ал тууралуу түшүнүктөрү да жок экендигин айтышкан.

«News.am» порталы маалымдагандай, мындай кызыктай көрүнүш Любек шаарындагы университеттик бейтапканада болууда. Жубайлар, эмнеге аял ушуга чейин төрөбөгөнүнүн себебин билүүгө кайрылышкан. Аларды текшерүүгө алганда, аялы кыз болуп, күйөөсү да таза чыкканын көргөн клиниканын кызматкерлери таң калышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аял-күйөөнүн ден соолугу эң сонун, функционалдык системасы жайында болуп чыккан. Медиктер мындай жагдайда не кылуу керек экенидигин талкуулап , өз ара  кичи жыйынга да чогулушкан. Жыйынтыгында, алар өздөрү түшүнүп алышар деген ой менен  36 жаштагы күйөөнү жана 30 жаштагы аялды сексуалдык терапея курсуна жөнөтүшкөн.

Көрсө, экөө тең  христиан дининин ашынган фанаттарынын үйүндө чоңоюшкан экен. Ал үй-бүлөдө, эч качан аял-эркек жакындыгын, балдардын төрөлүшүнүн физикалык жаратылышы  жөнүндө эч качан түшүндүргөн эмес жана массалык маалымат каражаттарынын булактарынан да алыс тарбияланышкан экен. Учурда немец адистери, ушундай жагдайдагы бүлөлөр дагы бар же жогун иликтеп атышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here