Коомчулуктун эсинде башкалардан айырмаланып өзгөчө образдары менен таанылып жүргөн актёрлордун бири – Нурдөөлөт Копоев. Кезинде “Апамдын махабаты” сериалындагы “Кадыр агайдын” образын жаратып элди бир дүрбөттү эле. Кийин “Даңазалуу доор” тасмасындагы “Сүмбүл аганын” үнүн коштоп, дагы бир жолу өзгөчө талант экенин айгинелей алды. Бир гана актёрлук таланты менен гана таанымал болбостон, мыкты алып баруучу, тамада катары да белгилүү инсан менен маек курдук.

— Нурдөөлөт мырза, актердук талант жаш кезиңизден эле байкалса керек? “Кичинеңден эле шыктуу болгонсуң” деп калышабы үйдөгүлөр?

— Ооба, көпчүлүк актерлордой эле, кичинемде шыктуу болчумун. Жадагалса терезенин, шкафтын кырына чыгып туруп: “Мен капкакмын. Калдыр-кулдур капкак» – деп боюмду таштап кулачумун. Мектепте кандай иш-чара болбосун баарына катышчумун. Учурашуу, “Манас” айтуу, макал-лакап, жаңылмач айтуу, ыр-бий, интермедия, айтор баарын өзүм аткарчумун. Окууну бүтүп, Дүйшөн Байдөбөтов атамдын колуна келип, бир жыл Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окуп, анан Москвадагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайга өтүп кеттим.

“Сүмбүл аганын” үнүн коштоо сиздин чыгармачылыгыңызга дагы бир чоң салым болду окшойт. Сизге бул ролду сунуштаганда дароо эле кабыл алдыңыз беле?

— Ооба, “Сүмбүл аганы” мага сунуштап, эл катары кастингге катыштым. Дароо эле бап келди деп бекитишкен. Түркиядан иш процессин көрүп келген түрктөр да абдан кубанып, мактап кетишкен. Бирок оорураак экен. Анткени ар кандай үн менен, бир туруп кыйын болуп кыздарга, бир туруп Султан айымга жагалданып сүйлөөдө кыйналып жүрүп көнүп кеттим.

— Билишибизче театр аркылуу жубайыңызды жолуктуруп, үй-бүлөңүздөр менен чыгармачыл инсансыздар. Бири-бириңиздерди туура түшүнүшүп, жашоо жеңилирээк болсо керек?

— Театр бизди табыштырган. Ошондуктан өзү да театрдын ички кухнясын жакшы түшүнгөндүктөн, дайыма түшүнүп колдоп турат. Таң эрте чайы, кеч келсем да тамагы даяр. Жубайымдын мындай мамилесине жооп кылып, мен дагы эч нерседен кем кылбаганга аракет кылам.

— Бир топ жылдан бери алып баруучулукту да аркалап келесиз. Сахнанын сүрүн жеңген адам түз эфирдеги камеранын сүрүн сезбей эле аралашып кетсе керек?

— Көп деле сүрдөбөйм… Эң башкысы кандай темада, эмне жөнүндө сүйлөйм ошону мээмде иреттеп алам. Телеге да тез эле аралашып кеттим… Андан бери билинбей эле КТРКда иштеп жатканыма 16 жыл болуптур. Жалпы 16 жыл болсо, анын алты жарым жылын “Замана” студиясында эмгектенип келе жатам.

Бир жылдары “Апамдын махабаты” тасмасында агайдын ролун жаратып, көпчүлүк сизди терс каарман катары көрүп калышкан. Турмушта да сизди жаман көрүп, терс пикирин айткандарды кезиктирдиңиз беле?

— Чынында мени капыстан көрө калгандар мага угузуп эле “Начар агай” – деп күбүрөп-шыбырап калгандарын угуп калчумун. Ошол начар агай деп жаман көрүшкөндөр менен сүйлөшө келгенде “Жакшы эле адам экенсиң” – десе күлчүмүн. Өзгөчө окуучулар “Баягы Кадыр агай” – деп шыбырашып өтүп кетишчү.

Бут тосуу, көрө албастык деген илдеттер сизди да буттан чалса керек?

— Оой, далай эле бут тосуулар болгон. Бирок өздөрүнүн буттарына кайра өздөрү чалынып калышкан… Андай адамдарды итчелик да көрбөйм.

Дарегиңизге айтылган сын-пикирлерге сиздин реакцияңыз?

— Сынды туура кабыл алам, эгер ал сын болсо. Кээде көрө албай эле сын айткандар болсо мыйыгымдан күлүп коём… Өзүңө сын айтаар адам жокпу деп айткым келет….

“Кинодобу, театрдабы роль жаратуунун арты менен жакын мамилелеш болуп кетишкен” деген актер-актрисаларды көп эле угабыз. Чындыгында ошондойбу?

— Турмушта баары болот да. Ролдун арты менен үй-бүлө болуп калгандар болот…. Эч нерсе деп айта албайм (күлүп). Ролго өтө берилип кеткендер го. Жашоодо башка, сахнада башка адам болушуң керек. Анткени сахна, роль жаратуу – жумушубуз да….

Булак: Фабула. Маектешкен, Нуркыз Рыскул кызы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here