Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Көп жылдар бою маданият тармагында эмгектенип келген, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун мүчөсү, композитор, обончу, аранжировкалоочу Дөөткулов Азат 54 жаш курагында оору менен күрөшүп жатып, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Залкар таланттын чыгармачылыкта чогуу иштешкен санаалаштары Азат Дөөткулов туурасында буларды эскеришти.

Өмүр жолу

Дөөткулов Азат 1963-жылдын 11-январында Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Анын атасы өмүр бою чарбада бригадир болгон экен. Тогуз бир туугандын төртүнчүсү болуптур. 1970-1980-жылдарда Кочкор айылындагы Калинин атындагы орто мектебинде орто билим алган. Энеси үй кызматкери болуп, Азаттын бала кезинде кайтыш болуп, 8-класстан эле өзүнүн эмгек жолун «Шаттык» элдик ыр-бий ансамблинде баштап, кийин «Миң Кыял» эл аспаптар оркестринде уланткан.1983- 1985-жылдары Аскер кызматын өтөп, оркестрде ойногон. 1985- 1992-жылдары Кочкор райондук маданият бөлүмүндө «Гүлгүн жаш» эстрадалык ансамблин жетектеген. 1991-жылдан баштап Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы драм театрында, кийин Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында, Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук Кыргыз театрында көп жылдар бою музыка бөлүмүн жетектеп келди. 2001-жылдан баштап Мамлекеттик «Учур» жаштар театрында музыкалык бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенип келе жаткан.

Сыйлыктары жана обондору

Азат Дөөткулов көптөгөн эл аралык фестивалдардын ошондой эле Калый Молдобасанов жана Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктардын лауреаты, “Маданияттын мыкты кызматкери наамына” ээ болгон. Анын алгачкы ырлары «Махабат», «Сага» жана башка көптөгөн чыгармалары радионун «Алтын фондусуна» сакталган. Андан сырткары “Күттүм сени”, “Периштем”, “Санат ыры”, “Эӊсеген бакытым”, “Экөө гана”, “Тоолор”, “Закым”, “Сиз дечи”, “Сүйүүгө өмүр тилейли”, “Улуу кыргыз” ырлары эл арасында популярдуу болуп келет.

Азат Дөөткулов Кыргызстандын театрларында бир канча спектаклдерге, кинолорго мыкты музыкаларды жараткан: “Сүйүү азабы”, “Мурут”, “Айгүл”, “Эдем алмасы” жана башка тасмалардын композитору болгон. Ошондой эле Ырыс Окенова койгон «Гүл-гүл эжей» мюзиклдеги бардык музыкалык чыгармаларды иштеп чыккан. 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеп “Жан дүйнөм менин музыка” аттуу чоӊ концертин өзүнүн күйөрмандарына тартуулаган.

Айчүрөк Султанова: “Азатты “аппагым” деп тамашалачу элем…”

— Азатты мен чыгармачылыкка жаӊыдан аралаша баштагандан бери тааныйм. Жаны кадам таштап кимге барып кимден ыр жаздырууну билбей жүргөндө биринчи жолу аранжировка жасаткан элем. Мүнөзү абдан жумшак, жини келип турса да аны билгизбей жөн гана жылуу мамиле жасап түшүндүрүп койчу эле. Тамашаны да жакшы көтөрөөр эле. Мен аны жолуккан сайын «аппагым» деп тийише берчүмүн. Мына жакында да жолугуп калып ошентип «аппагым» жакшы жүрөсүӊбү? десем «аппак» экенимди сен эле көрүп калдыӊ» — деп кичине таарынып калгансыган. Көрсө ошол маалда ооруп жүргөн экен. Ооруган адам көп нерселерди көтөрө албай калат эмеспи. Мен аны байкаган эмес элем. Ошондон бир аз өтүп эле ооруп калыптыр деп угуп калдым. Акыркы көргөнүм ошол болду. Баарыбыз Жараткандын колунда болгондон кийин тагдырга жазганды көрөт экенбиз. Сайрага жана кызына, жакындарына көӊүл айтып, ыза кайгысын теӊ бөлүшөм!

Турдалы Аскарбеков: “Кыргыз эстрадасына өтө чоӊ салым кошту”

— Азат тамашакөй жакшы жигит эле, жакын дос болбосок да мамилебиз жакшы болчу. Жолуккан жерден тамашалашып сүйлөшүп калчу элек. Кыргыздын таланттуу обончусу, композитору, музыканты, аранжировкалоочусу. Кыргыз эстрадасына, маданиятына өтө чоӊ салымын кошкон өтө адамгерчиликтүү жакшы досубуздан ажырап отурабыз. Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун!

Нуриса Абазова: “Кумурскага да зыян келтирбеген адам эле”

— Азат байке абдан сонун адам эле, биз учурашып коелу деп барсак Сайра эже, жакшы болуп, кан басымы да жакшы деп калды. Реанимацияда экен, жоолуга албай калдык. Эч кимге жамандыгы жок, кумурскага да зыян келтирбеген адам эле. Жоолуккан жерде “Эмне эле жарык болуп кетти, Азат байке келген турбайбы деп тамашалай берчүмүн. Бир адамга жаман айтканын көргөн эмесмин. Биз “Достор” тобу ыр жаздырып калганда алтообуз “Бул үндү мен алам, тигини сен ал” деп чурулдашып калганда башка обончулардын башы ооруп кетет, бирок Азат байке жини келгенин бизге билгизчү эмес. Мен шаарга келгенден бери анын бирөөгө кыйкырып сүйлөгөнүн, урушканын, бирөө жөнүндө жаман сүйлөгөнүн да эч көргөн жокмун. Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун! Сайра эжеге көӊүл айтам. Дүйнөлүк деӊгээлдеги концерттерди коебуз деген пландарыбыз бар болчу деп Сайра эженин айтканын угуп калгам. Ичибиз аӊтарылып жаман болдук, бирок айла жок, ар кимибиз бешенебизге эмнени жазса, ошону көрөт экенбиз.

Жубайы менен…

Жылдыз Мырзабекова: “Өкүл ата эмес, өз атадай мамиле кылчу”

— Жолдошум Эмил мыкты аранжировкалоочу, музыкант болчу. Эмилдин тандоосу менен атамды өкүл ата шайлап алдык. Абдан жакшы киши эле, ар дайым ачык, шайыр, шайдоот жүрчү. 2014-жылы менин жолдошум ооруп каза болуп калды. Атам мен барганда сооротуп, мени көрсө кейий берчү эле. Дайыма эртеӊ менен эрте турганда Эмилге куран окучу.

Атамдын 9 өкүл баласы бар, чыгармачылык чөйрөдөн Ильяз Андаш менен биз элек. Баарыбызга өз балдарындай мамиле кылчу.

Биз өкүл балдары, өкүл кыздары болуп чогулуп барганда атам чабалактап ооруп жаткан экен. Сайра апам да жакшы адам, атам ооруганда түнү менен көз ирмебей карап турду. Баарыбыз Кудайдын колунда болгондон кийин, маӊдайга жазганын көрөт экенбиз. Атам кылым жашай турган чыгармаларды жаратып кетти. Өкүнүчтүүсү 54 жашында жапжаш бул дүйнө менен кош айтышканы. Атамдын жаткан жери жайлуу болуп, Аллахым өз рахматына алып, бейишинен орун берсин!

Руслан Машрапов: “Адамдык сапаты да, профессияналдык деӊгээли да бийик болчу”

— Мен Азат байке менен 2005-2006-жылдары тааныштым. Ал киши Кыргыз телерадио корпорациясынын алдындагы «Учур» театрынын музыкалык көркөм жетекчиси болуп мен телевидениеде режиссер болуп иштечүмүн. Азат байкенин театрда коюлуп аткан спектаклдерге жазган музыкаларын угуп кийинчерээк тартып баштаган «Эдем алмасы» фильмиме музыка жазып бербейсизби деп кайрылгам. Байке оюму угуп, тарткан кадрларымды көрүп чыгып фильмге музыка жазды. Ушул жумуштан кийин байке экөөбүздүн байланышыбыз күчөп, мамилебиз бекемделди деп ойлойм. Кийинчерээк «Сүйүү жылдызы» деген телесериял тартып баштап, ага музыка жаздырдым.

Андан кийин «Сүйүү азабы» деген фильм тартып ал фильмдин да музыкасын жазып берген эле. Дегеле, Азат байкеге музыка жактан косультант катары көп кайрылчумун. Анын үстүнө байкенин адамдык сапаты да, профессияналдык деӊгээли да бийик болчу. Музыка, кино, театр, жөн эле жашоо жөнүндө да, байке экөөбүз көп сүйлөшчүбүз. Азат байкенин бул дүйнө менен кош айтышканы кыргыз маданияты үчүн да, анын ичинде кино, театр, музыка чөйрөсү үчүн да, оорду толгус чоӊ жоготуу болду. Эми Азат байкенин экинчи өмүрү театр, кино, эстрада ырлары үчүн жазылган обондору, ыргактары, кайрыктары, ырлары аркылуу уланып, жүздөгөн жылдар эл арасында жашай берет деп ойлойм.
Даярдаган: Төлөбүбү Касымалиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here