256 жыл жашаган Ли Чинг-Юн

New York Times жана  Time Magazine  басылмалары,  1933-жылы ЛИ Чинг — Юн 256 жашында кайтыш болгонун жазышкан. Ошол убакыт ичинде ал 23-аялын жерге берип, 180ден ашык мураскерин  тарбиялаган. Бул маалыматтын чын-калпын Environmental Graffiti тактамакчы болот.

Ли-Чинг-Юндун жакшы сакталуусунун негизги сыры, ал жан-дүйнөсүн дайым бир калыпта жана тең салмакта алым жүргөн, ошону менен эле тамакты таптап ичип, күрүч менен  вино ичип жүргөн.

Линин жаштыгы жана балачагы туурасында маалымат өтө эле аз. Болгону, ал Кытайдын Сычуань кыштагында төрөлүп, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашагандыгы маалым. 10 жашында эле Чинг-Юн билимдүү болуп, Шаньси, Маньчжурию, Тибет, Аннам, Сиам жана Кан-Суга катышып,  ар кандай чөптөрдү чогултуу менен алектенген.

Ли Чинг-Юн 256 жашында деле абдан сергек  жана 60 жаштагыдай көрүнүүчү. Ушундан улам анын жашына ишенбегендер да болгон. Ли өзү 1736-жылы төрөлгөндүгүн айткан, анда 197 жашта болмок. Бирок, Minkuo университетинин профессору — Ву Чанг-шин 1930-жылы Линин 1677-жылы төрөлгөндүгүн тастыктаган кол жазмаларды тапкан. Анда, Кытайдын Императордук Өкмөтү аны алгач 150 жылдыгы менен, андан кийин 200 жылдык юбилейи менен куттуктаган.

Бул жерде, Ли Чинг-Юн өзүнүн туулган датасын унутуп калышы да толук мүмкүн же ошол мезгилде дагы бир Ли Чинг-Юн жашаган. Эгер, чын эле Ли 256 жыл жашагандыгы документ түрүндө аныкталса, анда дүйнөнүн эң узак жашаган карысы Жанна Кальманды дароо эле 134 жылга артка калтырмак.

 181 жаштагы индусту өлүм унутуп койгон сыяктуу

Анын аты Махашта Мусари, ал – Варанасилик өтүкчү, Индиянын түндүгүнөн болот. Айтуусу боюнча, 1835-жылы туулган, азыр ал 181 жашта. Эгер айтканы чын болсо, ал дүйнөдөгү жана адамзаттын тарыхындагы эң кары адам. Бул тууралуу krutous.ru басылмасы India.com сайтына таянуу менен жазып чыкты.

Махашты Мурасинин айтуусу боюнча, ал Бангалордо туулуп, өскөн, 1903-жылы Варанисиге көчүп келген. 1957-жылга чейин өтүкчү болуп иштеп, 122 жашында пенсига чыгат.

“Менин неберелеримдин көзү мындан көп жыл мурун өтүп кеткен. Ал эми мен тууралуу өлүм унутуп койсо керек”, — дейт Махашта Мусари, — “Менин өлөм деген үмүтүм дагы өчүп калды. Балким, мен өлбөс адам чыгармын”.

Ал ортодо узак жашаган карыя тууралуу айтылгандарды жалган деген скептиктер дагы чыкты. Анткени, анын рекорддук жашын аныктоого дээрлик мүмкүн эмес: далилдей турган документтер жок. Же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, же паспорту, же мекемелерде талапка ылайык жазуулар да жок. Карыя дарыгерге акыркы жолу 1971-жылы кайрылган, дарыгер дагы бир да жазуу калтырбай каза болуп калган. Потенциалдуу рекордсменге медициналык экспертиза жасоого дагы жашына ылайык мүмкүн эмес.

 

Гиннестин «Рекорддор» китебине кирген Жанна Луиза Кальман

Официалдуу булактарга ылайык, анын ичинде Гиннес рекоддор китеби дагы бар, адамзаттын тарыхында эң узак жашаган адам Франциялык Джанна Кальман болгон.

Француз Жанна Кальман дүйнөдө документи боюнча эң узак жашагандардын катарын толуктайт. Ал 1875-жылы 21-февралда Франциянын Арль шаарында төрөлүп, 1997-жылы 4-августа кайтыш болгон. Ага тирүү кезинде «Жер жүзүндөгү тирүүлөрдүн арасында эң узак  жашаган адам» деген титул ыйгарышкан.

Кальман Арлада төрөлүп, бүткүл өмүрүн ошол жерде өткөргөн. 1896 жылы ал өзүнүн үч ата өтүшкөн агасы Фернан Кальманга турмушка чыгып,  эки жылдан соң Ивонн аттуу кыздуу болушкан. 1942-жылы Фернан каза болгон.

Турмушка чыккандан кийин Кальман эч качан иштеген эмес, ал үй кожойкеси болуп жүрүп өмүр кечирген. Ал 110 жашында карылар үйүнө келип, 122 жаштан 5 ай 14 күн өткөндөн кийин кайтыш болгон.

Кальмандын жашоо образы, генетикасы медицинада көп изилдөөлөрдү жараткан.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here