Чагылган: Кыргызстанда 2017-жылдын үч айынын ичинде жол кырсыгынан 148 адам каза болуп, 1686 адам жабыркаган.
Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде өлкө аймагында 1169 жол кырсыгы катталып, ал 148 адамдын өмүрүн алган. Ал эми 2016 — жылдын аналогиялык көрсөткүчү боюнча 1033 жол кырсыгы катталып, андан 187 адам каза таап, 1573 адам жарат алган.
Кайгуул кызматы 184 242 админстративдик протокол түзүшүп, алардын ичинен 9482 админтративдик эреже бузгандарга , коомдук тартипти бузгандарга жана далидүү тартип бузуп жол кырсыгына учурагандарга — 174 760 протокол түзүлгөн.
Негизги тартип бузуулар булар болгон:
спирт ичимдигин ичип алып унаа айдагандар — 2952 факт;
жогорку ылдамдыкта айдагандар — 15152 факт;
жол тосмолорунан өтө качуу, жарышып ашып өтүү, карама-каршы жолго чыга качуу, жол белгилерине көңүл бурбастык — 23532 факт;
айнегин караңгылаткандар — 1010 факт;
мамлекеттик номерлерди өзүм билемдик менен алуу — 584 факт;
жалган мамлекеттик номер тагып алуу — 39 факт;
Элдерди ташууда эреже бузуу — 74 факт;
МАИ кызматкерлерине баш ийбөө — 347 факт;
документи жок унаа айдоо — 5024 факт;
коопсуздук курларын тагынбай унаа айдоо — 45897 ;
унаа айдап бара жатып телефондо сүйлөшүү — 33997;
Башка жол эрежелерин бузуу — 46152 факт;