Чагылган: Мамлекеттик мүлк фонду Бишкектин Манас көчөсүндө жайгашкан Sapat Center бизнес-борборунун имаратын өкмөткө  былтыр эле өткөрүлгөн болчу. Так айтканда, 2016-жылдын 30-июнда эле соттун чечими менен мамлекеттин эсебине өткөн. Демек, 1-июлдан баштап, мамлекет бул имаратты алып, мамлекеттин кызыкчылыгына иштетиш керек болчу. Бирок бул жерде өкмөт, айрыкча Мамлекеттик мүлк фондусу шаалакылык кылган. Сот болсо чечимди чыгарып берди. Ал эми бет тырмарлык кылган Түлеев бир жылга жакын убакыттан бери «Сапаткомду» мурункудай эле өз кызыкчылыгына пайдаланып, миллиондогон киреше таап келген. Бул жерде ким күнөөлү? Өкмөт эми ошол быр жылдан бери Түлеевдин чөнтөгүнө түшкөн миллиондорду өндүрө алабы? Эмнге мынчалык кайдыгер мамиле жасап келишти? Же Түлеев айым адамдардын ооздорун майлап келгенби? Бул жагына да көңүл буруу зарыл.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең мененден тарта Нариман Түлеев баш болгон элүүдөй адам  уруксат берген документ көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болуп жатышат. Бизнес-борбордо негизинен ижарачылар иштеп келишкен. Аталган мүлк Нариман Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени аныкталып, мамлекеттин эсебине чегерилгени быйыл февралда расмий кабарланган.

Белгилүү болгондой 2012-жылдын августунда Түлеевге мамлекеттик каражатты жымырып алган деген айып тагылып, сот чечими менен бир катар үй-мүлкү мамлекеттин эсебине өткөн болчу.  Ал камакка алынып, 2016-жылдын 7-майында бошотулган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here