Дүйнө жүзүндө дегеле көп шаарларда шаар мэрин бийликти жактырбай, ишин сындаган кадыресе эле көрүнүш. Бишкектин эгемендик алган тарыхында деле шаар тургундары жана келгиндер мэрдин ишине чекеси жылып, ичи чыкпай келет. Орун алмашкандан сумма өзгөрбөй эле, сарысы кетсе, карасы келип эле өңү башка иштегени, ичкени-жегени бирдей галстукчандар келүүдө мэр болуп. Бирок, төмөндө Гватемалалыктардын «жоругу жолдо калсын» дейин десең, мэри ошого жеткирген экен. Ал эмес, Ростовдуктардай акимине издөө салып, «жоголду» деп коңгуроо каккан жагдайлар да болгон экен. Эми биздикилер, ага жетпей да, жеткирбей да оңолсун деген изги тилек менен ушу макаланы сунуш кылабыз.

Жергиликтүү жашоочулар шаар башчысын өрттөп жиберишти

Шаардын тургундарынын колунан каза тапкан  43-жаштагы Базилио Хуракана  Гватемалада  жайгашкан Консепсьеон шаарынын мэри болгон.

Шаар башчысынын өлүмүнө катышы  бар адамдардын айтымында Базилио Хуракананы, белгилүү саясатчы Лоренцо Секеканын жанына кол салгандарга тиешеси бардыгын,жана шаар башчысы коррупциялык иштерге белчесинен баткандыгын, ушундан улам ачууланган тургундар аны өлтүруп салгандыгын билдиришүүдө.

Айта кетсек Базилио Хуракана  автоунаада  үй бүлөөсү менен  бара жаткан маалда эки автоунаа астынан тосуп андан түшкөн адамдар  мэрдин автоунаасын аткылап салышкан.

Жыйынтыгында  автоунаанын ичинде отурган  Хуракананын  17 жаштагы кызы жана 12 жаштагы жээни ошол жерде  көз жумган.Ал эми Базилио Хуракана жарат алган. Саясатчыны жини келген тургундар өртөп ийгенге житишкен. Тийиштүү органдар кылмыш болгон жерге келгенде өтө эле кеч болуп калган.

Туура эмес саясатынын артынан өлүмү ушундай болоорун, маркум шаар башчысы ойлобосо керек.

Акимин издеген Ростовчулар

Россиянын Ростов облусунун жашоочулары социалдык желеде админстрация башчысын издөө салабыз деген баракча менен тамашага салып шылдыңдашкан.

«Горбань Сергей Иванович, 1964-жылы туулган. 2016-жылдын ноябрында жумуштан чыккан бойдон кайтып келген эмес. Байланышка чыккан жок. Өзгөчө белгилери: ар түрдүү өңдөөгү плиткаларды жакшы көрөт», — деп жазылат тамашалаган издөө баракчасында.

Эске салсак, Сергей Горбань Ростов администрациясынын шайлоо коңкурсуна кайрадан катышпай, шаардан чыгып кеткен.

Анын азыр кайда жүргөндүгүн эч ким билбейт жана белгисиз.

Интернеттеги Горбанды издөө  билдирүүсү, шаар тургундарынын ичинде катуу талкууланып, бир топ кооментарийлер жазылган.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here