Чагылган: Облустук ооруканадан билдиргендей, 37 жаштагы Повладарлык айымга медиктер «геморрагический инсульт» деген диагноз коюшкан.Аялды сактап калууга канча аракет кылса дагы, ак халатчандардан ажал күчтүүрөк кылып кеткен. Ошентип,  Казакстандын Павлодарында төрт баланын энеси өз өлүмүнөн кийин да, 3 адамдын өмүрүн сактап калган. Мындай кабарды казак маалымат каражаттары жазып чыкты.

«Врачтардын тобу, баш мээсинен кеткендигин аныктап алган соң, Повладарлык аялдын туугандарына органдарын алууга уруксат сурадык. Пациенттин жолдошу менен агасы макул болушту. Ошол эле күнү республикалык координациялык борбордон кызматкерлер тобу менен трансплантацияга керектүү жабдыктарын алып келишти. Павлодардын №1 шаардык ооруканасында каза болгон пациенттин органдарына эксплантация жасалып, дароо эле Астанага жөнөтүлдү»,- деп айтты Павлодар облусунун  транспалантология боюнча аймактык координатору Дмитрий Потеребух.

Ошол эле күнү борбордук  медиктер органдарды алмаштыруу үчн оор операцияларды жасашты. Каза болгон аялдын жүрөгүн 33 жаштагы кишиге, оң бөйрөгүн — 53 жаштагы кишиге жана сол бөйрөгүн 13 жаштагы балага салышкан. Каза болгон аялдын жакындары башка жол болбогондугун айтышкан.

«Аялымды кайрый албайм. Ал башка адамдардын өмүрүн сактап кала аларын укканда биз макул болдук. Биз башкача кылалбадык, анткени, бул жерде адамдардын өмүрү туурасында сөз болуп жатат. Менин аялымдын жүрөгү мейли башка адамда соксун», — деп айтып берди жолдошу.

Аялды жерге берүү зыйнаты кечээ өткөн. Анын 4 кенедей баласы калды. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Павлодарда бул бешинчи орган алмаштыруу донорлугу болду. Расмий маалыматка караганда, Казакстанда донордук органдарга муктаждардын саны 3414 адамга жетет. Казакстанда 2012-17-жылдар аралыгында 61 эксплантация жасалган.

Эске салсак, өткөн жылы  октябрда  скейтборддон каза болгон 20 жаштагы жигит 5 кишинин өмүрүн сактап калган. Анын жүрөгү, боору, өпкөсү, бөйрөктөрү башка адамдарга ийгиликтүү салынган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here