Чагылган: «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы чет мамлекеттен Кыргызстанга  кондитердик азыктарды ташыган «Тридас»  ЖЧКсына ээлик кылаары айкын болду. Бул тууралуу Юстиция министирлигинин расмий сайтында жарыяланган.

Ага ылайык, «Тридас» ЖЧКсы 2007-жылы катталган. Анын жетекчиси жана жалгыз ээси депутаттын жубайы Жапарова Анара  Барктабасовна эсептелинет. Андан тышкары, ал Мамлекеттик салык кызматынын базасында жеке ишкер катары катталган.

Каржы министрлигинин «Ачык бюджет» порталында, «Тридас» ЖЧКсы 2013-жылдын 6-январынан баштап 2017 -жылдын 20-апрелине чейин 286,7 миллион сом салык төккөнү жазылган.

24 kg агенттиги маалымдагандай, «Тридас» ЖЧКсы чет жерден Кыргызстанга шоколад, вафли, карамель жана печенье өөдүү кондитердик азыктарды ташып, ишкананын бир жылдык сатуу көлөмү 5 миө тоннаны түзөт.

Ошондой эле  «Тридас», Украина Президенти Петр Порошенкого таандык Roshen кондитердик компаниясынын да азыктарын ташыйт.

Буга чейин, депутат Акылбек Жапаров журналисттер кирешелерин коомчулукка жарыялашы керектигин талап кылган. «Бирболчунун» оюнча, 1000 тираждан кем эмес гезиттердин редакторлору жана ээлери кымбат иномаркаларды тээп, «особняктарда» жашайт экен. Анын айтымында, бул демек журналисттердин жашыруун бизнестери бар дегенди билдирет экен.

Маалыматта, талап кылган Жапаровдун үй бүлөсүнө тиешелүү Бишкекте ресторан жана мейманкана бар. Бул бир эле чети, мындан башка да Бишкектин чок ортосундагы  «Дамаск» баштаган мүлктөрүн да алдыда санап беребиз.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here