Кээ бир адамдардын тою ичимдиксиз өтпөйт. Андай адамдар, конок тосоордо эртең менен башы ооруп кыйналбай тургусу келсе, кайсы ичимдикти столго коюшту да билүү керек.Көптөрү, кызыл винону ичсе дарылыгы бар экенин, ал эми шампан 2чи бокалдан кийин башты айлантаарын билишет. Ал эми күчттүүрөктөрү туурасында рейтинг  түзүп,  Королдук коомунун химиктеринин изилдөөлөрүн сунуштайбыз.

Күчтүү алкоголдук ичимдиктер

5-орун -ром

Деңиз каракчыларынын сүйүктүү ичимдигин пайдалуулардын катарына кошсо болот. Анда,калийдин, фасфордун жана цинктин жогорку курамы бар.  Ошондуктан, ромдон көп ичип алсаңыз да, ууланып калуу коркунучу азыраак. Бирок, билип кой, бул жерде ар кандай коктейлдердин кошулмасы менен жасалган ром эмес таза ром жөнүндө сөз болуп жатат.

4  — орун — текила

Текила өтө күчтүү, бирок, дарычылыгы бар. Курамында, ашказандагы кислотаны жөнгө салып, ашказан жарасына жардам берүүчү,   полисахарид фруктандары бар. Аз болсо да пайда келтирген ичимдик. Андан тышкары, туздун кошулмасы организмде сууну кармап калат да, эртеси «сушняк» болбойт.

3 — орун  — арак

Таң калганым, арак зыяндуулугу боюнча биринчи орунда болбогондугунда. Негизи, арак —  өтө зыяндуу ичимдик катары балаанып келет. Аракта боёк, жыт берүүчү каражаттар жок жана ичти тазалап кетет.

Эгер арак сахардан эмес, балдан жасалса  — аны диеталык тамак катары пайдаланса болот. Бирок, аракты көп ичүүгө болбойт, анткени, ал башка ичимдиктерге караганда көп ууландырат. Анан да колго жасалмалары да көп. Аны бат-бат ичүү-  организмди алкоголго көндүрүп коөт.

2 -орун — виски

Аталган ичимдик — онкологиялык пайда болуулар менен күрөшкөн эллага кислотасынын булагы. Ал, ден соолукка алдына -ала зыян келтирбей, рак клеткаларын өлтүрөөрүн айтышууда. Ошону менен катар эле, вискиде организмге бат сиңип кетүүчү этанолдун концентрациясы жогору. Ичкенден кийин, дүйнө сенин бутуңдун алдында айланып калат. Эртең менен болсо, ушунчалык жагымсыз баш оору кыйнайт.  Ошондуктан, ойлонуп көр, бул ичимдик үчүн чоң акча берүү ылайыкпы?

1- орун —  коньяк

35 миллилитр коньяк — бул С  витамининин суткалык дозасы. Бирок, коньякты көп жыл сактаганда, анда, организмди ууландыруучу  ар кандай зыянкеч заттар пайда болот. Чоң өлчөмдөгү коньяк — нерв системасын ууландырып салганы менен сосуддарды кеңейтет. Аны 50 мл. ашык ичпөө керек.  Эртеси күнкү баш оорутма, 10 деген шкаланын 8 челик болот.

Эсиңерде болсун, кандай гана ичимдик болбосун ашыкча болсо, организмге бир гана зыян алып келет жана көп ичсе көз каранды кылып коёт. Спирт ичимдигин ичкенди азайтып, спорт менен машык, тамаша аралаштырып сүйлөгөнгө үйрөн. Анткени, ичимдиксиз деле, шаңдуу отурса болот!

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here