Чагылган: Көптөн бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир нече талап -тоноого жана үйлөргө маскачан кирип бар уруп-сабап тоноп жүргөн деген шек менен Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.  Кармалган М.Б. 1994-жылы туулган, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көптөн бери ИИМ кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн.

Анда белгиленгендей, 2015-жылдын январынын аягында борбордогу үйлөрдүн бирине эртең менен беткапчан бир нече адам киришкен. Ошол маалда үйдө аялдар эле болгон аларды уруп-сабап, колу — бутун таңып коюшкан. Коркутуу жолу менен үйдөн сом, рубль , доллар түрүндөгү акчаларды жана баалуу буюмдарды алып баратышканда, кожоюн келип калат. Аны да токмоктоп, колу-бутун байлап туруп, эшиктин алдындагы «Мерседес-Бенц — 600» унаасын кошо айдап кетишкен. Келтирилген чыгым, 3,5 миллион сомду түзгөн. Унааны кийин, милициялар таап ээсине алып келип беришкен.

Ошол жылдын январь айында дагы бир ушундай кылмыш иши катталат. Анда кылмышкерлер саат 2:00лер чамасында, Бишкекте жашаган аялдын үйүнө кирип, үч аялды уруп, колу-бутун байлап, үйдөү болгон баалуу буюмдарды көтөрүп кетишкен. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 168 (уруп-сабоо), 105 ( Ден соолукка залал келтирүү), 172 (Унааны айдай качуу) жана 241 (мыйзамсыз курал алып жүрүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле жылы, кылмыштуу топтун бир мүчөсү 22 жаштагы Кайрат Султанбеков кармалып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка 13 жылга эркинен ажыратылган. Учурда, кармалган М.Б.нын Биринчи Май РИИБи тарабынан иликтенип сотко өткөрүлүп берилди.  Топтун калган мүчөлөрү иликтенүүдө.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here