Биз Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылынын тургундарынын чакыруусу менен шахтерлордун айлына жөнөдүк. Каракол тарапта кар кетип, жер чаңдап калса да, биз баруучу айылда кар али кетпесе керек деген ой менен жылуу кийинип алганбыз. Күтүлгөндөй эле, бул айылда кар али козголо элек экен.

Жыргалаң айылынын тургуну эски шахтер Касымбай Муканбентов бул айылда жашаганына 52 жыл болуптур. 40 жыл шахтыда иштеген карыя: «Өзүм саруулукмун. Кесибим- тоо жумушчусу. Бул жерге адеп келгенде жаш бала элек. Ортодо аскерге кеттим, келип кайра иштедим. Бул жерде үй бүлө күтүп, 5 балалуу болдук. Азыр биз иштеген шахты жабылды. Кийин Бакыт Кенесаров өз күчү менен дагы бир шахты ачкан. Учурда биз ошол шахтынын көзүн карап турабыз. Аны жакшылап иштетсе, биздин айылга аба менен суудай керек эле. Айылыбыз тоонун арасында. Иштеткидей жер жок. Малдын гана көзүн карайбыз. Аны деле көп кармай албайсың. Себеби, мында кыш 7 айга чейин созулат. Иш жок болгон үчүн көп жаштар айылдан кетип калды. Кабарлашканда, “Шахта иштечүдөйбү, жогору жактан жардам барбы?” деп сурашат. А бизге болсо 120 депутаттын бири келе элек. Кышкысы кар калың түшкөндө кээде 3 суткага чейин жол жабылып калган учур болот»,-дейт карыя.

Элеттиктердин айтуусунда, союз убагында мында 1000ге жакын түтүн эл бар экен. Учурда анда 200гө жетпеген түтүн эл калган. Бир кезде шахтерлор туш тараптан келип негиздеген айылды азыр көрсөң боор ооругудай абалда. Дегеним, совет бийлиги салып берген эки кабат үйлөр азыр ээнсиреп, эч ким жашабайт. Кыргыз, орус, тажик, белорусь, еврей, калмак жана башка ондогон улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап, “москвалык тейлөөгө” көнгөн тургундардын ал кездеги жашоосун азыркысы менен салыштыруу деле күлкү келерлик иш.

Бул жердеги көмүр кенине 1936-жылдан бери изилдөө иштери жүрүп, 1949-жылы эң биринчи шахтерлор Көк-Жаңгак, Кузбатск, Кызыл-Кыядан келген. Ошол кезде суткасына 400-500 тонна көмүр берип турган шахта союз таркаганда, техникалар талкаланып, алмашылбай, каралбай калган. Кийин бул шахтаны Сабыр Жапаров алып, “Шахта Жыргалаң” ишканасынын өндүрүштүк техникалык жабдуулары бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей, аны казып чыгуунун көлөмү төмөндөп кеткен. Анын кесепетинен ишкана райондук соцфондго карыз болуп, ал карыз быйылкы жылга чейин 7 миллион сомго чыккан. 2013-жылы  район аралык соту тарабынан ага “банкрот” жарыяланып, ишкана ал чечимди аткарбай кайрадан карызынын өсүшүнө жол берген. Жергиликтүү бийликтин айтуусунда, анын электр энергиясына эле болгон карызы 14 миллион сомдон ашык.

Азыр болсо бул айылдын эли иштеп кетерине ишенген “Жыргалаң Дөргөкөмүр” жоопкерчилиги чектелген коому бар. Ал  2000-жылы өз ишин баштап, шахта үчүн жол, электр линияларын өз күчү менен курган. Учурда да мында шахтыны куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Аны казуу учурунда жолунан чыккан көмүрдү алуу менен анын сатыгын уюштуруп келишет. Алгач бул жерден чыккан көмүр райондук мектептерди, сыр, кирпич чыгаруучу заводдорду камсыз кылууга толук жетчү. Шахта уюшулгандан бери алар 20-30 миң тонна көмүр чыгарышты. Бирок, учурда анда иш акырындап гана жүрүүдө. “Пайда ала баштаганда мында 120 адам иштеши мүмкүн”,-дейт аталган шахтанын жетекчиси Бактыбек Кенесаров. “Ошондо айына жок дегенде 4000 тонна көмүр чыгышы керек. Азыр бизге 25 миллион сом акча каражаты керек болуп турат. Биз кредитке акча алалы десек, мындай көп сумманы алуу үчүн чоң күрөө керек экен. Биз лицензиянын өзүн күрөөгө коелу деп “Орус-кыргыз фондуна” заявка берип, сүйлөшүп жатканбыз. Башта алар макул болуп жатышкан. Кийин иш токтоп турат. Учурда бизге жердин алдынан көмүр чыгарууну транспортировкалаган конвейр керек. Анын ичинде аппарат, кабелдер жана башка шаймандар зарыл.  Биз түзгөн долбоор боюнча жылына 50 000 тонна көмүр чыгарууга милдеттүүбүз. Быйыл шахтада өткөөлдөрдөн өтүп, аны дароо пайда бергенге даярдап атабыз,-деп билдирди ал.

Биз шахтанын өзүнө баруу үчүн айылдан чыгып тоону көздөй жөнөдүк. Шахта айылдан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жолдо катар Бакыт байке тоо арасына электр энергия тартып, жол салган күндү эстейт. “Бул ишти 1997-жылы эле баштаганбыз. Мен анда 35 жашта экенмин. Ошондон бери алпурушуп келебиз. Бир чети бул жумушту биз жасабасак, башкалар жасайт эле деп ойлоп коем. Анткени, биздин айыл шахтасыз айыл эмес. Бул-шахтерлордун айылы. Алгач «Көк-Бел-Көмүр», 2010- жылдан бери «Жыргалаң-Дөргөкөмүр» ЖЧКсы деген ат менен көмүр чыгаруу, сатуу боюнча жаңы жерди өздөштүрүп иштеп келе жатабыз. Атам Дөргө өткөөлчү болуп шахтада иштеген. 63 жашында каза болду.  Андыктан, ушул айылда төрөлүп, ушул жерде мектепти аяктадым. Аскерге кызмат өтөп келген соң Кызыл-Кыяда шахтерлук билим алдым. Кийин тоо-кен институтун аяктадым. Балалыгымды эстесем, биздин айыл бир чо\ шаар болгондой эле туюлат. Чынында айылыбыз  чоң эле да. Анда күргүштөгөн жашоо жүрүп турчу. Азыр болсо, тынчтык өкүм сүргөндөй. Көп жаштар жумуш издеп кетип калышты. Мен анте алган жокмун.

Болгон күчүн шахтыга берген атамды эстеп, кара алтын казуу менен үй бүлөсүн баккан айылдаштарымды көрүп шахта иштеши керек деген ойдо болдум. Өндүрүш болбосо, өлкө өнүкпөйт. Азыркы башкаруу бийлигинин дагы талабы ушундай экенине көпчүлүк ишкерлердей эле үмүттөнгүбүз келет”,-деген оюн билдирди.
Ошентип, ат жалына казан асып жүрүп олтуруп тоо койнундагы шахтага да жетип бардык. Кара алтын казылып жаткан жерге кирип, жер алды менен 200 метрдей  түз барып, эки метрдей өйдө көтөрүлдүк. Бакыт байкенин айтуусунда, ылдый жакта суу топтолгон жер бар. Жер кыртышындагы суулар ал жерге чогулган соң  насос аркылуу сордурулуп, сыртка чыгарылат. Биз тепкич менен өйдө чыккан соң дайыма тамчы таам, “басылбаган жаан” жаган жер астында караңгы жол менен 400 метр басып,  шахтерлорго жете келдик. Шахтанын ичине  ар бир метр сайын карагай рамалар коюлган экен. Капталда абаа үйлөгүчтөн келген абаа өткөргүчтү байкоого болот. Мына, жалтыраган кара алтынга да жеттик. Азыр мында 4 адам иштеп жаткан экен. Шахтерлордун эң улуусу 50 жаштагы Бартырканов Таалай 2002-жылдан бери ушул шахтада иштейм дейт. Учурда мында 4 кишиден эки звено иштеп, 8 гана киши эмгектенет экен. “Шахтанын ичинде күнүнө 8 саатка чейин иштейм. Эртен менен кийимибизди которуп, жер алдына кирип кетебиз. Түштө ысык тамак ичип, эс алып кайра ишке киребиз. Айлык акы көмүр чыкканына жараша. 4 күн иштеп, 4 күн бошпуз. Жумуштан кийин бул жерден мончого түшүп алып үйдү көздөй жөнөмөй. 4 балам бар”,-дейт Таалай байке.

Мында иштегендер менен маектешип, шахтада иш жакшы жүрүп кетсе дегенде ак эткенден так этип турганын байкадык. Албетте, бул айылда же жер, же жумуш жок болсо, кандайдыр бир иш менен аракет кылуу керек эмеспи.

Ошентип, шахтерлордун айылында болуп, ал жердин көйгөйүн өз көзүбүз менен көрүп, кыймылдабай жаткан кара алтын уюган тоолорду бузуп, көмүр менен көлдүктөрдү камсыз кылып, элге иш берип, мамлекетке салык төлөйм деп жаткан адамды колдой албай жатканыбызга ичим ачышты. Айылдыктардын айтуусунда, 2015-жылдын 23-сентябрда Президент көл өрөөнүнө келгенде эл ага кайрылышкан экен. Ал тургай андан жардам беребиз деген жооп алып, кубанычы койнуна батпай да калган. “Биз ошондо абдан кубанган элек.  Даяр долбоорду сунуштап кайрылбаган жер калган жок. Биздин абал Президентке жетпей жатабы, билбейбиз.  Шылтоосу эле бул жеке менчик ишкана экенинде. Чындап келсе, күнөскана салгандарга деле 20 миллион сом берет экен. Шахта иштетүү татаал иш. Ушуну түшүнбөйт го жогору жактагылар”, -дешет айылдыктар.

Бакыт Кенесаровдун айтуусунда, ишкана 25 млн.сомду 1-2 жылда кайра үстөгү менен кайтарып берүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, тоо-кен боюнча адистер келип, жасалган жумушту изилдеп, төлөй турган мүмкүнчүлүгүн банктар үчүн аныктап берсе жакшы болор эле дейт.

Бул аймакта көмүрдүн 18 миллион тонна запасы бар деп айтылат.  Бул изилденген гана бөлүгү. Ал эми изилденген бөлүк жалпы бөлүктүн 3төн бир гана пайызын түзөт. Мында канча жылдан бери 3 миллион тонна гана кара алтын  гана казылды, калганы кыймылдабай жатат. Жыргалаң көмүрү Орто Азияда кубаттуулугу биринчи орунда турат. Андыктан, Жыргалаң өзүнүнү эң күчтүү көмүрү менен дагы далай жыл элин бага алар эле. Биздин күйгөнүбүз, ушундай оор ишти өз мойнуна алып турган ишкерди колдон-буттун ала албай турганыбыз. Ага кайтарымсыз акча берип жаткансып, үстөгү менен төлөп берем деген шартты колдобой, бир айылдын элин томсортуп турганыбыз. Мындай ишти колдобогондон кийин ишкерликти өнүктүрүү керек деп айтканыбыз куру эле сөз ө\дүү. Урматтуу бийлик төбөлдөрү жана эл өкүлдөрү, силерди тоо арасында унутта калган бир айыл эли күтүп жатат.

Автор: Жумагүл Барктабасова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here