Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны бир топ кызыктуу, ары чырлуу болуп, алтынчы чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн бет кабын сыйрыгандай эле болду. 2010-жылы апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, «Мегаком» жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо эл өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуулар, бири-бирин зекиген сөздөр менен коштолду. Эске сала кетсек, депутаттык комиссия 2016-жылдын октябрь айында түзүлүп, курамына 12 депутат кирген. Корутундуга “атамекенчи” Алмамбет Шыкмаматов менен “Өнүгүүчү” Алмаз Жутановдон башкалары кол коюп беришкен. Комиссия беш ай бою иликтеп, изилдеп олтуруп алып чыккан корутунду эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынбай, кордоого алынды. Дегенибиз комиссиянын төрагасы Анвар Артыков менен экс-башкы прокурор, азыркы алтынчы чакырылыштын депутаты Аида Салянованын жана аны менен бирге биринин артынан бири сөз алган “атамекенчилердин” кайым айтышуусу көп күдүк ойлорду жаратты. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” болдубу же орустар айтмакчы “хорошая зашита – это атака” дегендей “атамекенчилер” атакага эле өтүп алгандай эле болушту. Комиссиянын төрагасы Артыков комиссиянын ишине тоскоолдук жараткандарга токтолуп, алардын аттарын атап өттү.

— Бир топ тоскоолдуктар болду. Мисалы үчүн ошол эле мародерчулук боюнча биз ИИМден үч айга чейин материалдарга уруксат ала алган жокпуз. Ал жерде Тергөө башкы башкармалыгынын Үмөталиев деген жетекчиси бар экен. Ал киши бизге бир топ тоскоолдуктарды көрсөттү. Башкы прокуратура тараптан деле тоскоолдук болгон. Баш прокурордун орун басары Усманова тоскоолдук кылды. Бул жерде түздөн-түз ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Ноорузбаев кызыкчылыгы бар киши болуп чыкты. Ал ачык-айкын мыйзамды тебелеп, ошол ишти жаап койгонго аракет кылган. Ошол киши кол койгон төрт токтом бар. Бул маселе экинчи жолу көтөрүлүп чыккандан кийин кайра иш козголгон. Жаза аткаруу кызматы биринчи эле ошол төрт токтомду жокко чыгарып бериңиз деп Башкы прокуратурга кайрылган. Ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова буга макул болбой, токтомдор жокко чыккан эмес. Ошол экинчи кылмыш иш козгогон тергөө тобунун өзүнө кылмыш иш ачылган.

Комиссиянын корутундусун угууда экс-ИИМ министри, ЖАМКнын мурунку төрагасы Зарылбек Рысалиев да чакырылган эле. Анткени мародерчулук боюнча бир катар иштердин бетин ачкан бирден-бир эрктүү жетекчилердин бири ушул киши болчу. Рысалиев да бир катар иштердин башын ачып, убагында Ноорузбаевди партия лидери чакырып алып: “Бул ишти жапсаң министр болосуң” – деп ишти жаптырганы боюнча токтолуп кетти.

Дагы бир “атамекенчи” Бахадыр Сулейманов комиссиянын ишине ичи чыкпай, “Неге жогорудагы комиссиянын ишине тоскоолдук жараткан аты аталган адамдарды чакырган эмессиздер, аларга суроолорубуз бар эле”, — деп, негедир комиссиянын иши саясатташып кеткенин айтты.

“Өнүгүүчү” Мирлан Бакиров “Мегаком” боюнча Текебаевге каршы көрсөтмө берген Раушан Рыкунова боюнча суроо салды:

-Сиздин Өмүрбек Текебаев менен «жылуу» мамилеңиз бар экенин мен да билем. Сиз комиссиянын төрагасы катары мыйзам чегинде коллегаларыңызды, мамлекеттик кызматкерлерге дагы басым жасабай, берилген суроолорго гана жооп берсеңиз. Кандайдыр бир логикага, имиштерге таянбастан, конкреттүү мыйзамга, фактыга таянсак туура болот. Рыкунова ар кандай көрсөтмөлөрдү берип жүрөт. Анын кайсы көрсөтмөсүнө ишенсек болот?

Артыков Рыкунова боюнча:

— Рыкуновага ал кишинин демилгеси менен бир жолу жолуктум. Ал мага бир топ документтерди алып келип берем деп, ошол бойдон жоголуп кетти. Корутундуда ал кишинин бир дагы ою жок. Ал мага «Баягы 7,5 млн. доллардын 1,5 миллиону менин эсебим аркылуу өткөн, мен квитанция алып келип берем» – деген. Эгер алып келсе, мен аны УКМКга берет элем.

Андан ары сөз алган “бирболчу” Мыктыбек Абдылдаев мындай резонанстуу комиссиянын корутундусун талкуулоо маселесинде бир да фракция лидери жоктугуна нааразы болуп:

— Фракция лидерлери ушундай маанилүү маселелер каралып жатканда фракциянын жана өз атынан ойлорун билдирип койсо абдан жакшы болот эле. Бирөө да жок. Карапайым депутаттар калып, жоопкерчилик биздин моюнубузда болуп жатат. Бул жоопкерчиликти туура чечсек. Лидерлер лидерлигин ушундай татаал маселелерде көрсөтсө болмок. Бул абдан туура болмок.

Корутундуну талкуулоого катышкан башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов апрель окуяларындагы мародерчулук боюнча буга чейинки бардык токтомдор жокко чыгарылып, тергөө жанданганын, айтылган жогорудагы жагдайлар боюнча тергелип, такталаарын айтып өттү.

Корутундуда Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар деп жазылган. УКМК экс-депутат Райкан Төлөгөновду өткөн айдын этегинде камакка алган. Андан бир айдай мурун Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы «Мегаком» ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. УКМК Текебаевге «коррупция» жана «шылуундук» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Булак: Фабула

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here