Дин аалымдары Чубак ажы,  Абдышүкүр ажы, муфтий Максат ажы Токтомушевдер  бүгүн Каракол шаарында аялдарга  К. Жантөшев атындагы драм театрда ыйман сабагын өтүп жатышат. Бул ыйман сабагы Мухаммед пайгамбардын туулган күнү «Мавлид» майрамына карата уюштурулду.  Бирок ыйман сабакка катышууну каалаган аялдардын саны абдан көп болуп, имарат ичине батпай калышты. Сыртта калгандар эшикти каккылап жатып, акырында фоеге киришти.  Алар микрафон болсо ыйман сабагын ушул жерде деле өтүүгө даяр экенин билдиришкен. Аялдарыбыз, кыздарыбыз ылайым эле ушинтип ыйман маселесине ашыгып турушса экен.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here