Укканбыз, окуганбыз: 2016-жылдын 14-майында Москванын Хованск мүрзөсүндө нечен жүздөгөн адамдар катышкан уруш-мушташ болуп, 3 тажик өлүп, 30дан ашык адам жаракат алган. Бул чатакты чыгарган «Ритуал» деген сөөк коюу фирмасынын башчысы Юрий Чабуев, Хамовники районунун полициясы Никита Мошенко жана «Здоровая нация» коомун уюштуруучуларынын бири юрист Александр Бочарниковдор болгон. Алар кавказдык спортсмендерди чогултуп, алардын көбү чечен улутундагы күрөш менен машыккан балбандар экен, мүрзөдө иштеген тажиктерди окутуп коюуну көздөшкөн. Бирок, иш пландагыдай уланган эмес. Кол салгандар бронежилет кийип, ар кандай мылтыктар, тапанчалар менен куралданып келишкен. Кол салууга даяр эмес тажиктерде арматура, айры, таяк, асфальттын сыныгы ж.б. куралдары болгон. Анткен менен тажиктердин саны алда-канча көп болгон. Кол салгандар биз азга кырылышып, анан чычая качып жөнөгөн… Эми бул окуя узак кеп…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here