Чагылган: Казакстандын шоу-бизнесинде ого эле таанымал Баян Эсентаева деген айым бар.  2016-жылы машинада отурган жеринен чатакташып кетип, күйөөсү аны бычактап салган да жайы бар. Анын натыйжасында, бактыга жараша өзү аман калып, күйөөсү камалып кеткен.

Жакында эле кайсы бир казакстандык телевидениеге маек берип жатып, журналисттин: «Жубайлардын бири-биринин көзүнө чөп салуусун кандай карайсыз?», — деген суроосуна , шар эле «ооба, мен күйөөмдүн көзүнө чөп салгам» деп  айтып алып ыңгайсыз аблалда калды.

Учурда, Максат кызы деген фамилия менен чыгып калган Баян ханымдын айтымында, казак  шоу-бизнесинде токолдор өтө көп экен. «Алардын көбүн жеке тааныйм. Алгач жакшы көрүшүп жүргөн жакын эмес жандар, кийин жакын адамга айланып, үйлөнүп калышканы кадыресе», -деп айткан ал.

Анын мындай билдирүүсү, көптөгөн казак басылмаларында талкууланып, аны менен катар белгилүү казак журналисти Арман Скабылуулу фейсбук баракчасында: «Аталарымыз аттың құйрығына байлап жіберетін «азғынды» насихаттап қоймадық -ау! Күйеуіңнің көзіне «шөп» түгілі «сабан» салсаң да, жалпақ жұртқа жар салып, арлы ұлтымды азғырма, Баян ханым!», — деп жазды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here