Кытай алгачкы учкучсуз жүк ташуучу космос кемесин ааламга учурат. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик каражаттары жазышты.
«Тянжоу-1» аппараты бекитилген «Чанг Женг-7» ракетасы 20-апрелдин кечинде Хайнань аралынан коё берилери маалым болду.
Космос кемеси ачык ааламдан ал жактагы Кытайдын лабораториясына кошулат.
«Тянжоу-1» космос станциясы үчүн керектүү техникалык жабдыктарды жеткирерин Синьхуа агенттиги кабарлады. Учкучу бар эң алгачкы космос кемесин Кытай 2003-жылы учурган. 10 жылдан кийин Айга «Юту» аппаратын кондурган. Бирок бул миссия техникалык маселелерден улам жарым-жартылай гана ишке ашкан.
Булак: Азаттык