Экономикалык кылмыштарга каршы Мамлекеттик кызматы «Вечерный Бишкек» гезитинин мурунку ээси Александр Кимге карата КРнын ККнин «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Александр Ким өзүнүн Facebook баракчасында билдиргендей, ал жактоочусу экөө кылмыш ишине далил катары көрсөткөн 42 документтин бири да эсепке алынган эмес. » Ходатойствадан баш тартылды. Кылмыш иликтөө тобуна карата иш козгооту максатында Прокуратурага документ даярдап жатабыз», — деп айткан ал.

17-мартта, Кимдин үйүнө Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын кызматкерлери кирип, ал козголгон кылмыш ишинен качып жүргөндүгүн негиздеп, аны кармап кетүүгө аракеттенишкен. Бирок, Ким ага кылмыш иши козголо электигин моюндаткан. Кыскасы, аз күндө  кыргызга кылча да жакышылык кылып келбеген Кимди кишендеп, киргизчү жакка киргизишет окшобойбу.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here