ИИМдин Кайгуул кызматы, «патрулдук милициялар жол кырсыгын азайтуунун ордун бакка жашынып турушат»- деп нааразыланган парламенттин депутаты Акылбек Жамангуловго жообун беришти.

Депутаттын айтымында, кайгуул милициясынын жаңыланышына жана кайра окутууга  эле 500 миллион сом которулган. Бирок, анын жыйынтыгы көрүнбөйт.

«КРнын 2016-жылдын 3-мартындагы токтомуна ылайык, Милициянын Жол кайгуул кызматы жана Кайгуул-пост кызматы Милициянын кайгуул Башкы башкармалыгы тарабынан кайра окутулду. Өкмөттүн 2015-жылдын 21-декабрындагы буйругу менен патрулдук милициянын материалдык базасын этап боюнча  жакшыртууга 522 млн. 539 миң  сом каралган. Бирок, кайгуул кызматын уюштурууда жогорудагы акчадан бир да тыйын берилген эмес. Кийинчерээк гана, айтылган акчадан унааларды алууга 40 млн. сом гана бөлүнгөн», — деп түшүндүрмө берди ИИМ.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here