Катуу иштеп, “чарчап” кеткен Жогорку Кеңеш бүгүн саат 13:00ге чейин чыдап иштеп, анан үйлөрүнө кетишти. Бирок бир маанилүү маселени карашкандай болду.  2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутуларын талап-тоноо, «Мегаком» жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алышты. Токтомду жыйынга катышкан 80 депутаттын баары бир добуштан колдоду. Анда «комиссиянын корутундусуна укуктук баа берүү Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдарына тапшырылсын» деп белгиленген. Иликтөөлөрдүн жүрүшү тууралуу Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын маалыматын уга турганы айтылды. Эми бул маселеден кандай жыйынтык чыгат болду экен? Токтом иштейби, же “токтоп” калабы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here