Россиялык басылмалар, Марс планетасынан жер тилке алган Ленинград облусунун жергиликтүү депутаты тууралуу жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Депутат Владимир Петров декларация толтуруп жатып, Марс планетасында жер тилкеси бар экендигин кошо камтыган. «Мен декларация толтуруп жатып Марс планетасындагы жер тилкемди жана эки жылдызымды кошпой кетсем болбой калат. Алар да менин байлыгым. Жылдыздарды болсо, ишинде мыктылык көрсөткөн чиновниктерге белек кылам», — деп айткан ал.

Бирок, тилекке каршы Оруссиянын мыйзамында али, жылдыздарга жана планетадагы жер тилкелердин документине юридикалык күч берелек.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here