Жаркыраган жүзүнө ырлары жарашкан ырчы Гүлнара Кахарова – кыргыз элинин кадырлуу ырчысы, жашоодо сүйүктүү жар, мээримдүү эне. Гүлнара айым менен маектешүү ѳзүнчѳ рахат. Ал адамды өзүнө тартып турган сыйкырга ээ.

— Гүлнара айым, ырларыңыз биринин артынан бири чыгып, чыгармачылыкта жакшы иштеп атканыңыз байкалат.

— Ооба, бир убакта үйдө отуруп калганыма караганда азыр чыгармачылыгымда жакшы жандануу бар. Бирок үйдө жөн отурбай бала төрөп эне болуп, пайдалуу отурдум да. Балдарымды бир аз чоңойтуп коюп чыгармачылыкта жакшы авторлор менен иштешип, жаңы ырларды жаздырып атам. Жакында Күмөндөр Абыловдун “Билип кой” деген ырын ырдап чыктым. Учурда Алишер Тоотаевдин жаңы ырынын үстүндө иштөөдөмүн, бир айдын ичинде ырдап калам деген ниетим бар. Концерт, той-топурдан калбай жүрөм. Азыр күздөгүдөй күрүлдөбѳсѳ да, Кудайга шүгүр, эки күндө бирден тойго бармай. Бир учурда жаш ырчылар чыгып, биздин муундун ырчылары бир аз солгун тартып калдык. Тыныгуудан кийин биринчи жолу ырдап чыккандагыдай сонун ырахат алдым. Эл сахнадан жакшы тосуп алды. Ар бир ырчынын күйөрманы болот, мен үйдө отурганда деле күйөрмандарым чакырып турушчу. Жактырган ырчысын эл унутта калтырбайт экенине ынандым.

— Сахнага чыкканыңызга быйыл канча жыл болду?

— Чон сахнага 1989-жылы чыккам, Кудай буюрса, 2 жылдан кийин 30 жыл болот. Ошол 30 жылдыгымда элге жана өзүмө отчёттук концерт берейин деп турам. Ага чейин деле концерт бере берсем болмок, бирок үй-оокат, бала-чакадан бошошум кыйын болуп жатат. Болбосо концерттик программам деле даяр. Концерт берүү үчүн көп убакыт чуркаш керек. Азыркы кезде концерт бергендер азаматтар.

— 30 жыл мурунку кезиңизди азыр кандай эстейсиз?

— Мен эстрада студиясында окудум. Ошол кезде «Жетиген» деген ансамблден көп ырчылар ырдап чыгышкан. Менин да тушоом ошол ансамблден кесилип, Мукан Рыскулбековдун «Сооротуу» ыры менен «Мыскыл жана тамаша» концертинде эл алдында чыккам. Ал кезде таланты барлар ырдап, таланты жоктор жолочу да эмес. Азыр акчасы барлар ырдап атпайбы, анда талантың болсо эле “биз менен ырда, менин тобумда ырда” деп талашышчу. Ырчы үчүн акча эмес, талантың роль ойночу. Ошондуктан менде сахнага чыгуу жагынан кыйынчылык болгон эмес. Көп сынактарга катышып биринчи орунду эч кимге берген жокпуз. Топто үч жыл иштеп, кийин жеке ырчы болуу менен катар керек кезде топко солист катары да ырдап жүрдүм. Топ тарап кеткенден бери жеке ырчы катары өз атым менен иштеп келем.

— Чыгармачылыктагы достор менен атаандаштык болобу?

— Мен жаманыңды жашырып койгон адамдардан корком. Күйдүрүп айткан досторум көп, аларга: «Жакшы жагыма катар жаман жагымды да сөзсүз айт», — дейм. Ал эми чыгармачылыктагы досторум менен атаандаштык жок. Тескерисинче, жаңы ыр жаздырсам эч кимге угузбай туруп досторума биринчи жөнөтүп, сындарын угам. Бири-биринин сынын көтөрө алган адам гана дос болот. Ошентип бири-бирибизди түздөп келе жатабыз. Бирок «Айтпаса экен» деген ырым чыкканда айрым кесиптештеримдин менин ийгилигиме кубана албаганы билинди. Андан улам баары эле мен ойлогондой эмес экенин сездим. Беш-алты жерден «Жылдын мыкты ыры» наамына ээ болдум. Ошондо мен жакшы көрүп жүргөн адамдардын ичиндегисин көзүнөн байкап жаттым. Байкабайын десем да билинип калат экен (күлүп). Андан улам баарына эле ачыла бербеш керек экен деген ой келген. Бирок табиятыңда куулук болбогондон кийин баягыдай эле мамиле кыла берет экенсиң.

— Жадырап жүргөнүңүз жашооңузга таасир этеби?

— “Дайыма күлүп жүргөн адамдын жашоосу жакшы болот” деген сөзгө 100 пайыз кошулам. Эрте менен маанайың ачык болсо, күн бою жадырап жүрөсүң. “Ою тазанын, бою таза” дейт го. Бирөөгө жамандык каалап, жаман ойлонгон адамдын жүзүндө жылмаюу болбойт. Ичиндеги заары ырдап жаткан ырынан да чыгып калат.

— Дайыма жаркырап жүрөсүз, көп бала төрөп бердиңиз күйөөңүз сизге кандай комплименттерди айтат?

— Артымдан жакшы сөз ээрчип, ырларым жакшы чыгып жатса, мунун баары күйөөмдүн эмгеги. Чындыгында, мага моралдык жактан абдан жакшы колдоо көрсөтөт. Дайыма: «Бирөөнүн жакшылыгына барганда күлүп-жайнап кирип, күлүп-жайнап чык», — деп, чыгармачылыгыма келгенде: «жашың мынчага келди, баланча баланын энесисиң сага бул ыр болот, бул ыр болбойт», — деп багыт берип турат. Ѳзүмдүн кѳзүм жетип турса да анын ою мен үчүн маанилүү болгондуктан, жаңы ыр келген сайын Уланга угузам. Күйөөм керек болсо, ырларымдын аранжировкасынан бери угат. Дарыгер болгону менен ырга табити жакшы. Сын пикирди туура айтат.

— Күйөөңүзгө баш ийген аялсызбы же үй-бүлөдө тең укуктуулук болуш керек деген ураанды карманасызбы?

— Тең укуктуулук болуш керек деп айтпайм. Кеңешип, экөөбүз бирге токтогон нерсени жасайм. Эгерде оюбуз бир болбой калса, убагында: «Жок, ай», — дегеним менен баары бир иш жүзүнө келгенде аны угам. Эркекке баш ийбесе болобу? Күйөөм бар деген жерге барам: “Жөн кой», — десе барбайм, керек болсо катышта дагы ким менен катышыш керек, ким менен катышпаш керек күйөөм чечет.

— Сиздерде кызганычтын ролу канчалык?

— Убагында кызганычтар башкача болчу (күлүп). Барган сайын мага 100 пайыз ишенип калганы байкалат. Негизи кызганбаган эркек болбойт, ар ким ар кандай кызганат, менин күйөөм оорулуу кызганчаактардын катарына кирбейт. Чеги менен, орду менен кызганат. Бирге жашаганыбызга 19 жыл болду. Аял киши сабырдуу, чыдамкай болушу керек экен. Менин жашоом башынан эле бакытка чулганып, бүгүнкү бактым мага арзан, оңой менен келген жок. Мен сабырдуу, чыдамкай болдум, көп аракет кылдым, анан жашоонун жакшы мөмөсүн таттым.

— Азыр балдардын түйшүгүнөн арылып калдыңызбы?

— Балдардын түйшүгүнөн арылышыма дагы 5-10 жыл бар го. Кичүү балам июлда бешке чыгат. Азыр 2004-2005-2006-жылкы үч балам мектепте окушат. Бирөөсү кетсе, бирөөсү келип ошолорду тосуп алып, узатып отурам. Мен ашканада жашайм. Күнүнө 2 ден 4кө чейин тынбай тамак жасайм. Тамак жасагандан такыр эринбейм. Кызым интернеттен көрүп жаса дегенин жасап отура берем. Эс алгым келсе, залга кирем да жалгыз отуруп 2 саат ыр угам. Ѳмүрүмдѳ балдарым жок бир жакка эс алып бара элекмин. Күйөөм: «Он күнгө курортко эс алып келчи», — дейт, бирок балдарымсыз эч жакка бара албайм. Алар жанымда жок болсо, өзүмдү эс алдым деп эсептебейм. Узак дегенде 2-3 күнгө Ошко тойго кетип калсам кичүү балам кайра-кайра: «Апа, каерге келдиңиз?» — деп чала берет. Мен барган күндөн баштап: «Жетейин деп калдым», — дейм. Мен үчүн балдарымдын жанында болгонго эч нерсе жетпейт. Балдарым майда кезде бала багуучу жалдачумун. Азыр аны каалабайм, кичинекей бала эмне көрсө аны туурайт эмеспи. Башка үйдѳ туулуп-ѳскѳн бала багуучу ар кандай таасир этиши мүмкүн экен. Ошондуктан алар эс тартып калгандан баштап бала багуучудан баш тартып, баарына өзүм жетишүүгө көндүм. Кызым комуз, балдарым спорттук ийримдерге барышат. Азыр балдардын түйшүгүн тартып атабыз, эми алар ийгиликтүү болуп, биз жетпегенге жетсе ошол мен үчүн бакыт. Небере көрсөм деп кыялданам. Ага чейин ыр менен 60 жашка бара берейинчи.

— Ырдап тапкан айлык кирешеңиз жакшы элеби?

— Мен айлык маяна да, жети балама бир сом жөлөк пул да албайм. Күйөөм башында эле: «Кудай берет, жөлөк пул алат элем деп чуркабай эле кой», — деп каршы болгон. Бизди жолдошум багат. Кудай берип келе жатат, той-топурдан тапкан акчам да айына жакшы эле киреше болуп берет.

Булак: Леди.kg

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here