Чагылган: 11-апрелдеги селектордук жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Чиланзар районунда сойкуканалардын көп экенин айтып, РИИБ башчысын, прокурорду жана район акимин жемелеген. Ал окуядан кийин райондогу бир катар кафе, түнкү клуб жана сойкуканаларда рейддер өткөрүлдү.

Ташкент сойкулары…
РИИБ кызматкеринин айтымында, акыркы үч күндүн ичинде түнкү клуб, кафе, сауна жана жеке турак үйлөр өңдүү 58 объектиде текшерүүлөр болуп, сутенерлукка, сойкулук менен алектенүүгө жана сойкукана уюштурууга шектелип 38 киши кармалды. Кармалгандарга айып салып, тери-венерологиялык диспансерге жөнөтүштү. Төрт адам ресторандар менен эс алуу жайларында сойкукана уюштурган деген шек менен кармалды. Айрым түнкү клуб ээлери ал жакка сойкуларды киргизгендиги үчүн административдик жоопко тартылганы белгилүү болду.
Мирзёёв Президент болгондон бери чамынып катуу иштеп жатат. Көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун айтып, атка минерлердин түшүнө кирип жатат.
Бишкек сойкулары
Эми анын кезектеги каар төгүүсү минтип сойкуларга да жетип олутрат. Ушунтип койсо эле, сойкулар азайып, жок болуп кетсе жакшы го. Аны байкап туруу керек.
Биздин преиздент деле, жан сакчы-министрине Бишкекте сойкулар көбөйүп кеткенин айтып, сындап, бир каар төгүп койсо ашыкча болмок эмес. Буга чейин Бишкектеги сойкуларды милиция калкалары ачыкка чыгып, катуу сынга алынып, ошону менен ткотоп калды. Бирок сойкулук токтогон жок. Милициянын арасындагы кайсы бир шылуундар аларга «крыша» болгон болгон жок деп ким кепилдик берет? Чынында Бишкекте көрүнө да-көмүскө да иштеп жатышкан сойкулар толтура. Аны кимден жашырабыз? Аны береги тасмадан да далил катары байкасак болот.
Эгер Атамбаев бул маселег көңүл буруп, бир аз майнап чыгартып койос, жалпы эл да ыраазы болуп калмак.

https://www.youtube.com/watch?v=PowwA6zrKX8

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here