– Биринчи мезгил 5 жашка чейин:

5 жашка чейин балаңа падышадай мамиле кыл. Бир нерсеге тыюу салуу болбосун, жөн гана аны алаксытуу керек. Эгерде кооптуу бир нерсеге жакындаса чоочугандай түз келтирсең аны ар бир бала түшүнөт, жана кабыл алат. Бала узун логикалык чынжырчаны түзө албайт. М: ал кымбат баалуу вазаны сындырып салса, ал вазаны сатып алуу үчүн көп иштөө керек экенин түшүнө бербейт. Ал эми баланы бул кылыгы үчүн жазалоо вазаны сындырбоого эмес өзүнөн күчтүүлөргө баш ийүүгө үйрөтөт.

Экинчи мезгил 5тен 10 жашка чейин:

Бул мезгилде балага кулдай мамиле кыл. Тапшырма берип анын аткарылышын талап кыл. Балага билим берүүдө көп тапшырма берүүдөн коркпоңуз. Так 5 тен 10 жашка чейин баланын акылы өнүгүп өсүп жаткан маалы болот. Ошондуктан анын кыймыл аракетинин жыйынтыгына болгон адамдардын мамилесин,анализдегенди үйрөнүүсү шарт. Каталар үчүн жазалоо каралат, бирок ур токмоко алуудан алыс болуңуз.

Үчүнчү мезгил 10дон 15 жашка чейин:

Кандай мамиле кылуу керек? Теңтуштай мамиле кыл. Сиз ага караганда албетте тажрыйбалуу, көптү көргөн билген болсоңуз да аны менен акылдашып туруңуз. Аны көз каранды эмес болуп чоңойууга жол көрсөтүңүз. Баланын акылынан бир нерсе жакпай жатса түз эле тыюу салгандан алыс болуп, анын чечиминин жыйынтыгы кандай аяктаарын көрсөтүңүз.

Акыркы мезгил 15 жаштан баштап:

Бул учура баланы тарбиялоого кеч болуп калды. Ага сый мамиле кылып, убагында сепкен түшүмдү алууга убакыт келди.

Бул мыйзамды туура эмес колдонгондо натыйжа кандай болот?

— Эгерде баланы 5 жашка чейин басынтып чоңойтсоңуз, сиз анын жашоого болгон кызыгуусун, активдүүлүгүн жана ой жүгүртүүсүн басып саласыз. Балаңыз башкаларга оңой эле баш ийип, айланадагылардын курмандыгына айланып калышы мүмкүн.

— Эгерде баланы 5 жаштан кийин деле ашыкча коргоп асырай берсеңиз ал жашоого жөндөмсүз болуп чоңойуп, ордун таап кетиши абдан кыйын болот.

— Эгеде баланы 10 жаштан кийин деле коргой берсеңиз ал өзүнө ишенимсиз, башкалардын оюуна көз карандуу болуп чоңойот.

— Ал эми баланы 15 жаштан кийин ур токмоко алып, аны сыйлабасаңыз ал ыңгай келген күнү үйдөн кетип калат.

БАШКА УЛУТТАР БАЛДАРЫН КАНТИП ТАРБИЯЛАЙТ?

Англиялыктар балдарынын ар бир кыймылын макташат. Алардын ою боюнча, бала өзүн дайыма ишенимдүү алып жүрүшү кажет. Кичинесинде өзүнө ишенип чоңойгондор бой жеткенде кандай кырдаалга кабылбасын өзү чечим кабыл алууга жөндөмдүү болот. Бала чыр салган убакта эч кимдин аны урушууга акысы жок. Оюнга алаксытып баланын ыйын токтотушат. Жалаякка оролгон кезден тарта ар бир баланын өзүнүн бөлмөсү болот.

Япондордо

5 жашка чейин каалаганын жасаганга уруксат. Жадакалса фломастер менен эмеректи, дубалды боёп же көлчүккө жатып алса да эч ким эч качан тыйбайт, урушпайт. Бирок бул мамиле 6 жаштан тарта өзгөрүп, 14 жашка чейин ата-эненин мыйзамы менен жашашат. 15 жаштан тарта бой жеткен адам катары өз алдынчалыкка өтүшөт.

Кытай эли балдарын ата-энеге кың дебей баш ийе тургандай тарбиялашат. Тамактануу, ойноо, уктоо өз убагы менен болууга тийиш. Мисалы, бир жарым жашынан тарта сүрөт тартып, тамгаларды үйрөнүүгө багыт алышат. Кытай балдар мактоолорду да аз угушат.

Индиялыктар баласын чыдамкайлыкка жана табият менен гармонияда болууга туулгандан тарта эле тарбиялай башташат. Ошондуктан индиялык балдардын көчөдө жүргөн итти тепкенин же чымчыктын уясын бузганын эч качан көрбөйсүз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here