Чагылган:  Өзбекстандын УКМКсынын Мамлекеттик чек ара кайтаруу комитетинин маалыматы боюнча, 15- апрель күнү кечинде Тажикстандын Сурхандирьия облусунун Сарыасый районунун Куруксай пунктунан өзбек тарапка бир топ мал кирип кеткен.

«Өзбек чекарачылары малды тажик тарапка айдап жаткан учурда, үч тажик жаранадары келип, чек арадан 50 метр өтүп: » малды жайына койгула, бул биздин жер» деп кыйкырып, биздин чек арачыларга жаман сөздөрдү айтышкан», — деп билдирүүдө айтылат.

Анда белгилегендей, Тажик жарандары, чек арачылардын өз аймагыңарга киргиле деп айтканын көнбөй, бычак жана таяктар менен Өзбекстандын чек арачыларына кол көтөргөн. Өзүн коргоо максатында чек арачылар курал коргоонууга аргасыз болгон жана анын натыйжасында бир тажик жараны Аслидин Шоимов набыт болду. Экөөсү качып кеткен. Натыйжада өзбек чек арачылары да жеңил жарат алышкан. Бул иш боюнча Өзбекстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоду.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here