Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы 2004-жылы президенттик администрацияны жетектеген Тойчубек Касымовго байланышкан кылмыш иштин жоголгону боюнча иш козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, учурда Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде иликтөө жүрүүдө. Тойчубек Касымов президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Дарылоо-калыбына келтирүү бирикмесине караштуу Токтогул-Панфилов көчөсүндөгү 0,6 гектар жерди тууганына бөлүп берүү тууралуу Бишкек шаардык мэриясына мыйзамсыз буйрук бергени аныкталган. Кийин бул жерге алты кабаттуу имарат салынган.

Бул факт боюнча 2007-жылы 15-мартта Биринчи май райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, Тойчубек Касымовго сырттан айып коюлуп, издөөгө алынган. Шектүүнүн дареги белгисиз болгондуктан тергөө иштери токтотулган. Быйыл мартта жер тилкелеринин бөлүнүшүнүн мыйзамдуулугун иликтеген прокуратура райондук милициядан кылмыш ишти сураган. Бирок кылмыш иштин материалдары архивде жок болуп чыккан.

Буга байланыштуу иш козголуп, ишти иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрушүндө Биринчи май райондук милициясында Тойчубек Касымовго издөө жарыяланганы тууралуу иштер да жоголгону ачыкка чыкты. Азыр бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Тойчубек Касымов 2004-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда президенттик администрацияны жетектеген. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын иштен убактылуу четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин кайнатасы. Мындай маалыматты  «Азаттык» жазып чыкты. Эми Сарпашевге да козголгон кылмыш иштин материалдары да жоголуп кетпесе болду. Биздин өлкөдө мындай болуп кетиши да толук ыктымал. андыктан, бул маселеге тыкыр көз салуу кажет. Касымовго козголгон кылмыш иши жоголсо, кайра аны жандантуу керек. Ким жоготмок эле, колунан келген кызыктар, Касымовго жан тарткандар жоготту да.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here