Дайым эле,  илимге белгисиз жаңы жандык табыла бербейт. Жакында эле окумуштуулар узундугу 1 метрге жетпеген сөөлжанга окшош бир жандыкка ачылыш жасашкан. Бул, дүйнөдөгү эң узун эки жактуу сойлоочу курт-кумурска болуп калды.

Бул сөөлжанды расмий эмес  «корабель сөөлжаны» деп атап келишкен. Мындай сөөлжандын бар экендигин адамдар 100 жыл мурда эле шекшип  жана аларды түтүкчө түрүндөгү туристтерге сатуучу раковиналардан байкашкан. Бирок, көп жылдан бери даана өзүн эч ким көргөн эмес. Аталган түтүкчөлөрүнүн  кээ бирлеринин  узундугу орто бойлуу адам менен тең келген. Арадан 20 жыл өтүп, окумуштуулар изилдеп отуруп, акыры сөөлжандын  ушул тибин табышкан.   Окумуштуулардын бири, бир жолу телевизор көрүп отуруп, флиппиндердин бир айылындагы жашоочулар, суудагы ылайдан кандайдыр бир узун сөөлжанды сууруп чыгып, тамак катары пайдаланышкан сюжетин көрүп калат. Ошол тасма аталган жандыкды изилдөөгө түрткү болгон.

Андан соң, флиппин айылына барган окумуштуулар, эки экспедиция бөлүнүп, изилдөө иштерин башташат. Экспедициянын бири  капыстан, азыр  Kuphus polythalamia деген расмий атка ээ болгон адам боюндай сөөлжанга чалынат.  Табылган жандыктын анализдери жана изилдөөнүн жыйынтыгы дароо эле  Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыяланган.

Бул эң узун жана өзгөчө сойлоп жүрүүчү гана болбостон, тамак жеген жагынан да айырмаланган жандык. Алар ылай жешет. Кадимки корабелдик сөөлжандар чириген бак-дарак жесе, Kuphus polythalamia ылайда жашап, өзүнүн денесиндеги симбиотикалык бактерияларга карманат. Анысы органикалык углевод менен камсыздап турат. Ал бактериялар менен жашайт. Кызыгы, буга чейин аны окумуштуулар сөөлжандардын түпкү теги катары караса, тескерисинче ал алардан келип чыккан өзүнчө  түр  экендиги далилденди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here