Чагылган: Ошентип, коррупциянын эмблемасына айланган Акылбек Жапаров журналисттерди рекет деп сындап, 100 доллар сурай беришет деп айтып бүтүп, оозун жаба электе,  сөз алган Кожобек Рыспаев Акылбек мырзанын 100 долларды журналисттерге өзү берерин тастыктагандай болуп: “Ошол 100 долларды бербей коюшу керек эле”- деп бир жоон санынан аткып өттү. Туура айтты. Чын эле, арты таза эмес атка минерлер кокуй котур ташып, коррупциям билинип калбаса экен деп айрым рекет журналисттерге өздөрү акча беришет. Аны эл деле билет. Ошондой атка минерлердин ана башында Жапаров өзү турары бышык. Ал эми коррупциясы жок, корко турган эч нерсеси жок атка минрелер Жапаровдой болуп чырылдышпайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here