Азыр дүйнө тынч эмес. Бири-бирине нааразы болгон мамлекеттер көбөйгөндөн көбөйөт. Кээси менен үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүн деп да калып жатабыз. Эмне, чыкса чыгат да, көроокатка укмуштуудай жутунган заман келгенден кийин, ошол замандан баарын күтүүгө болот. Мамлекеттердин да жеке адамдардай эле «мен гана мен» деген «оорусу» бар да. Айталы, дүйнөдөгү эки кубаттуу мамлекет Россия менен Америка Кошмо Штаттары биринчиликти талашып, байлык талашып, таасир талашып жатканы. Алардын кармашынан улам майда-барат мамлекеттер азап тартып жатат, «эки дөө кармашса, ортосундагы кара чымын кырылат» болбойбу.  Бул эми башка маселе болуп туруп турсун, ушул жерден айталы деген кебибизге келели…

       Биздин чакан мамлекетте да бейпилчилик кээси менен башка түскө өтүп, чатак чыгып кетүү кырдаалдары катталып жатат.   Ооба, Конституциябызда жазылып турат  тынч миттингдерди, чогулуштарды өткөзүүгө ар кимдин акысы бар. Бирок, кайсы бир коррупционерди коргоп митингге чыкса болот деген көрсөтмө жок. А биздеги митинг, пикеттердин дээрдик көбү кайсы бир коррупционер чиновникти коргоо үчүн чыгат. Буга карапайым адамдар көнүп да калды. Анткени, ал митингдерде тиги жеп-ичкен неме ошол жеп-ичкен акчасынан таратып жатпайбы. Митингге чыгып, бир аз кыйкырып туруп бер да 1000 сомдон өйдө акчаңды ал. Андан ким качат эле?! Адам баласы кайсы бир адатка 66 күндө көнөт дейт, а бизде митингдерге небак көнүп бүткөн, анткени, акча таратылып өткөрүлчү митингдер ондогон жылдар болуп келет. Муну ар ким билет, ар ким айтып, жазып келатат: ошол митингдерде ач-айкырык салып турчу катындар болот, алар акчаны беркилерге караганда арбын алат. Алар катуу кетет, уят сөздөрдү пайдаланып  айкырат.

Кебетелери да жаман, илгерки колхоздордун зоот букасындай күлтүлдөп турат, бирде-жарымы жолунан чыгып кой десе, көмө чаап туруп, тепкилеп-тебелеп кетет. Ойлоп калам, ошолордо күйөө-пүйөө деген болобу, болсо, ал шордуу не күндү көрөт болду экен деп. Акыл-эси жайында эркектин аялдары андай болбойт, демек, күйөөсү  оорукчан кемакыл же салпетек катындай неме… Мына ошондой аялдарды чогултуп туруп, эч кандай сот-потсуз эле атып салса болор эле, аялдар короосу тазалана түшмөк.  Бирок, антүүгө болбойт, биринчиден, окко убал, экинчиден, мыйзам жол бербейт. Атаганат, колдо баары болсо, ушу жеке мен жеп-ичкен коррупционерлерди, мамлекетти чаңдатууга ниеттенген 100 адамды аттырып, 200үн каматып салсам, коомубуз биртоп тазаланбайт беле…

         Эгерде кайсы бир адамдын укугу бузулуп жатса, сөзсүз түрдө укук талашып күрөшүш керек. Антүүгө акысы бар, мыйзамдуу акысы бар. Анан эле кайсы бир кызматта иштеп, миллиондогон сомду, долларды жеп, кызматтан айдалып, кээси камалып, кээси бошонуп жүргөн немелер митингдерди уюштуруп, бийликтин таза эмес экенинен кенен айтып, түрдүү ушактарды таратып, мамлекетибизде чаң-тополоң түшсө деп тилеп жатканы бул-айбандыктын, наадандыктын дал чокусу эмеспи! Муну элдин баары билет, азыркы заманда эч нерсени,эч качан жашыра албайсың, баары көрүнүп турат. Анан билип-көрүп туруп ошондой жексурларды колдоп чыккан карапайым элге таң калам да жиним келет. А бирок, акчанын эч кимге баш бербес күчүн ойлоп, байкуштар эмеспи деп митингге чыккандарга зээним да кейит… Ал эми «кыргыз элин кырыш керек, жок кылыш керек» деген урааны бар Азимжан Аскаровдун укугун коргоп турган катындарды элибиздин чыккынчысы катары каралышы керек экендигин билчүлөр билебиз!

 Мамлекетибизде чатак  болуп турсун дегендердин баскан жолун шашпай талдап көрсөң, бири калбай желмогуздай жутунган немелер экен, бири чет элдин акчасынан аябай алып эл-жерин жамандаса, экинчиси өз элинин эле «канын жакшы соруп» тоюнуп, анан өзүнүн ак экенин айтып   «боздоп» турат экен. Буларды эл дагы жатка билет, өздөрү деле көнүп бүткөн, демек, кенедей да уялып койбойт. Андайларды баарын санамак кайда, түрдүү «сортунан» азын айталы: Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Аида Салянова, Алманбет Шыкмаматов, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Чолпон Жакупова деп санасак, оо далайга уланып турар…

  Бүгүнкүдөй абалда ушак-айың деген тимеле, кирбеген үйү, мекемеси  калбай, эч кимди бура бастырбай турат экен го. Илгертеден келаткан нерсе: ар бир айылда бирден-экиден саясатчысы болот . Анан ошолор өлкөдө болуп жаткан окуяларды укмуштуудай кылып айтат. Ал неме президент менен, премьер-министр менен, министрлер менен чогуу жүргөнсүп, чечимди чогуу кабыл алгансып, кайсы бар окуяга аралашып жүргөнсүп… деги койчу, ушак кепти ушунчалык кылып айтып берет дейсиң, эр болсоң ишенбей көр. Накта талант деген ошолор экен! Анан алардын айтканы «чындык» болуп, а накта чындыктын өзү «калп» болуп турат эмеспи… Өткөндө мен бир ушак-айыңга  алдырып коө таштагам. Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган «Оппозициядан таза адамды тапчы?» деген макаламда мындай жери бар: «Азыркы оппозиция курамындагылардан бир дагы таза адамды таппайт окшойсуң, кимисин айтсаң эле, «ал деген баланчада, түкүнчө кылмыш кылган» деген даяр жардыгы бар. Маселен, оппозицияда деп айта албайм, көбүбүз сыйлаган Роза Отунбаева бийликте турган кезинде алчусун алып, Англиядан үй сатып алган, өтө кымбат бриллианттарга жеткен деген кеп желип-жортунп жүрөт. Муну канттик?!». Мына ушуну окуп алып Роза Исаковна аябай капа болгонун мен сыйлаган бир саясатчы айтты. Ал саясатчы өзү да аябай капа болгонун, Роза Исаковна таза адам экенин, мен жазган накта ушак экенин, анын душмандары мындай башка да далай коркунучтуу ушактарды таратып жүргөнүн айтты. Ооба, азга уялып калдым. Бирок, тизелеп, курумду моюнга салып Роза Исаковнадан кечирим сурагандай деле жазбаптырмын. Болгону, мен ошол ушакка аздап болсо да ишене жаздаган түрүм бар экен, ал үчүн кечирим сурайм. Чынында, Роза Исаковна аялзатынын мыктыларынын бири. Баарыбыздын эсибизде, Бакиев кутуруп турган убакта бул эр жүрөк айым ошол бийликке тике карап, акааратын айтып, кадимкидей эле өзүнө өлүм чакырган! Ошол кезде мындай ишти бир дагы эркек жасай алган эмес. Андан соң будуң-чаң түшүп жаткан убакта бүт күч-кубатын, аброюн жумшап мамлекетибизди стабилдүүлүккө алып келип, берки президенттердей бийликке жабышып калбай чыга берди. Кыргыз тарыхында Роза Отунбаеванын чоң орду бар! Ушакты жеңип коёр турпаты, касиети бар! Баса, эгерде Роза Отунбаева президентикке талапкердигин койсо, утуп кетиши бар.

 Адам баласына, анын ичинде кыргыз баласына кандай жашоо керек? Болжолу ушундай: биринчи иретте ар кимге ден соолук керек, ден соолук болсо, калганы курусун, таап алабыз деп, айылдагы арак көтөргөн аялдардын кебиндей эле, анан, албетте, бейпил турмуш керек. Ошондо ар-ар ким өзүнүн жолу менен кадам таштап, билгенин иштеп, тирилик кылунун миң сан түйшүгүнө түшөт. Тукум улоо деген, бөтөнчө, кыргыз калкында ыйыктын ыйыгы эсептелет, бул түбөлүк мыйзам, мыйзам болгондо да Жараткан берген мыйзам. Ошол Жараткан берген мыйзамдарга каршы келген иштерди жасап, мына бүгүнкү болуп жаткан аттиңдер арбып барат. Бу жарыкчылыктагы эң негизги, башкы мамиле- эркек менен аялдын мамилеси тигишинен сөгүлгөндөй болуп ыдырайт, «мен да сени менен тең болом, керек болсо, сенден жогору турам» деген кем  акыл аялдардын өзүнө жараша бүтүмү- аялдар Жараткан берген өз милдетин аткарбай, тескери басканга түрткү болду: фигурам бузулат, анан да түйшүгү түмөн деп төрөгөндөн качып жатат. Эй кем акыл катын, Жараткан сени жаратканда эң биринчи милдетиң төрөп, эне милдетин аткарасың деп жараткан, сени ойсоктоп, кааласаң төрө, каалабасаң төрөбө деген эмес!  Сен өзүңдү өзүң билип, бирди, ашып кетсе экини төрөп жаткандыгың үчүн бүтүндөй бир улутка зыян кылып жатасың, сенин жалкы өскөн балаң эрке болуп, кийин азабыңды колуңа берип жатат, кээ бириң кийин куу баш болуп жалгыз каларсың, калып да жатасың! Дал ушундай абалда адамдар эсине келиш керек!

  Ооба, Шакем айтмакчы «бузулган адам оңолор бир күн, бузулуп турган замандан сакта» дегенди ар бирибиз тилеп, жеке аракетибизди жасайлы да… баарыбыз тегиз оңолсок, заман кайда качмак…

     Автор:   Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here