Чагылган: “Бир болдун” элге эң жек көрүндү депутаттарынын бири, 25 жылдан бери элдин ырыскысына кол салып, чириген байга айланган, акылы айды чапчыган Акылбек Жапаров ЖКнын бүгүнкү жыйынында ЖМК тууралуу мыйзам долбоору каралып баштаганда, биринчилерден болуп сөз алып, ыйламсырап, кумсарып: “Журналисттердин укугун чектеш керек. Булар рекет болуп бүттү. 100 доллар сурап келет, аны берсең, кайра 500 доллар сурашат. Бербей койсоң, гезиттерине шыбашат. 500 долларды берсең, 5 миң доллар сурашат. Буларды тыйбасак болбойт. Журналисттердин кирешесин тешерели” – деп өзүнчө бир күңкүлдөп алды. Мейли текшерсин, бирок журналисттин баары мамлекеттик ЖМКларда иштебейт да. байлык топтосо, үй салса, машине минсе да, атка минерлерге окшоп мамлекеттин байлыгын уурдайшпай,өз эмгектери менен жетип жатат. Туура жалпы журналисттердин атын булгашкан шылуундар да бар. Кой аксагы менен миң дегендей. Алардын аттарын атап эле айтыш керек. мисалы, Жапаров, Пирматов, Түлеев, ж.б. коорупционер дегендей эле. Кыргызда  бекеринен: «Ала кушту атынан атап айт» деп айтпайт да. Ал  эми Жапаров өзүнүн кирешеси тууралуу ооз ачкысы жок. Өзүнүкүн жакшылап текшерүү зарыл. Баракелде, анын айткандарында да чындыктын бир аз үлүшү бар. Анткени, жалпы журналисттердин атын булгап, ошентип 100 доллар сурап жүргөн айрым журналисттер бар. Алардын саны онго жетпейт. Аларды саясатчылар, эл деле билип калды. Жапаров ошол өзүнөн акча сурган журналисттерди кыйын болсо ачык айтса болмок баланча, баланча деп. Айта албаган соң, журналист журтчулугун өзүндөй алдым-жутум көрөбү? Оозум бер деп эле, отой бербей, киичне ойлонуп сүйлөш керек да.

Бирок Жапаровдун арты таза эмес, топтогон байлыгын көбү арам. Кыргыз журналисттери 10-15 жылдан бери ошол байлыктарын катуу сынга алып, өзүн кыргыз коррупциясынын эмблемасы катары катуу жазып келишет. Акылбек мырзанын, каймана аты “мистер 10 пайыз” экени ырас. Ошондуктан, бул кургур журналисттерди жакшы көрбөйт. Жалкып бүткөн. Эң ириде журналисттер Жапаровдон акча сурап барышпайт, аларга Акылбек мырза өзү берет. Себеби, мени көп эле жаза бербесин дейт. Былыгы чыга берип, кадыры какшып бүткөн.  Чындык ушундай. Эми акылдуусунуп, ар кайсыны айта берүүнүн кажети канча? Деги эле, кыргыз саясатында Жапаров сыяктуулардан арылмайынча, эч качан мамлекетте жылыш болбойт. Буга бөркүңүздөй ишене бериңиз. Бул журналисттердин короосуна таш ыргыткан Жапаровдун айткандарына чычалагандык эмес. Чындык өзү ушундай. Жапаровдун былыктарын журналисттер жазып келген,  алдыда дагы жаза беришет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here