Бишкекте кечээ, 18-апрелде саат 08:30 чамасында Бишкектеги Гагарин көчөсүндө жөө адамды сүзүп, качып кеткен Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

«Кармалган айдоочу Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган О.М. аттуу тургуну. Ал кырсык болгон жерден качып кетүүсүн шок абалда болгону менен түшүндүрүүдө. Ал эми жабырлануучунун буту сынган. Азыркы тапта материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүүдө», — дейт Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Медер Шабданов.

Жабырлануучу 4-ооруканага жеткирилген.

https://www.youtube.com/watch?v=8s9FXCLhVQA

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here