Анатай агай,  коомчулукта депутаттарды билимсиз деп деңгээли сынга алынып жатат. Сиздин көз караш кандай?

— Эми аларды шайлаган ким? Сен, мен, эл. Элдин аң- сезими өсмөйүнчө ушундай депутаттар келе берет. Өткөндө да ушундай депутаттар келген. 25 жылдан бери качан ойдогудай депутаттар келди? Эмне үчүн? Шайлоодо акча берилет. Шайлоону бир жылда 2-3 жолу жасабайсыңарбы дегендерди уккам. Мунун өзү баары сатылат дегенди билдирет. Элдин аң-сезими өтө төмөн. Жогорку окуу жайында ким окуйт?  Акча окуйт. Бул эмнени билдирет? Коомдун ыдырап кеткенинен бир  далил. Намыстанбайбыз. Илимдин докторлорун алып келчи азыр, жат жазуу жаза алышпайт. Келдибеков спикер убагында, илимдин доктору болгондо журналисттерге докторлук ишинин темасын айталбай койду го. Мына деңгээли ошо. Мындай кызматта тургандарга илимий даража алууга тыюу салуу керек. Жанагы акча деле өлтүрбөйт. Акчаң барбы баарын сатып аласың дегендей болуп жатпайбы.

Канткенде мындайдан кутулабыз?

— Элдин аң-сезими өсүшү керек. Анан жакшы мыйзамдарды чыгаруу керек. Момунча жайнаган университеттин кимге кереги бар?

— Азыр тонналап , пачкелеп мыйзам чыгарып жатышпайбы. Сиз кызыгып карайсызбы?

— Кызыгып да карабайм. Ансыз деле эмне үчүн мындай деп ойлоно берип чачым агарып кетти. Кан басымым жогорулайт. Мунун мага эмне кереги бар кыйналып? Легендарлуу парламент көп жакшы иштерди жасап кетти. Айылга барсаң баланча мынча таратты, түкүнчө акча берди деп жатышат. Өкмөттүн акчасын коротпой, Жогорку Кеңеш менен айылдык кеңешке шайлоону бир күндө өткөрсө болбойбу. Же ушунча акчабыз көппү? Ошого мыйзамды ылайыкташтырсак болот да. Мамлекет эптеп жашап жатат. Сот системасы, күч органдары өтө начар. Бардыгын сатып аласың. Индонезия мындай реформа жасаган. Милицияга кытайды койгон, прокуратурага арабдарды койгон. Өсүп кетишти. Өз улутунан койгон эмес. Мен ойлойм, кыргыздан көрө орус соттор абийирдүү. Орусияда кармалып соттолуп жатпайбы. А бизде кана? Дагы жакшы, Текебаевдин афералары чыгып жатат. 25 жылдык тарыхта мындай болгон эмес.

Сиз да азыркы бийликтегилер менен оппозицияда жүрдүңүз эле.  7-апрелди сиз да жакшы тилектер менен алдыга умтулдуңуз. Андан бери 7 жыл өттү. Үмүттөрүңүз акталдыбы? 7-апрелде майрам катары салют аттырып, майрам дешти буга кандай карайсыз?

— Эскерүү күнү деп айтуу керек эле да. Бул абдан кайгылуу күн. Тарыхта ошондой калуу керек. Майрамдаган туура эмес. Мындай болбойт. Канча бала өлдү? Канчасы жарадар болду? Азыр да жарадар болуп жүрүшөт. Дагы жакшы жардам берилсин деп буйрук чыгарды, ошого ыраазы болдум. Дарысына жардам болду. Кээ бир шылуундар үй албай калды. Кээлери эч нерсе албай, жатаканада жаткандары бар. Баткен окуясына катышкандарга статус берилбептир да. Депутаттар кайда карап отурушат. Статус бериш керек да, пенсия да албаптыр. Бул эмне деген мамлекет? Ушундай болсунчу эмне кылаар экен? Бир кишинин тагдырына кийлигишет. Баткенде канча адам өлдү. Эмнеге ошону урматтап алалбадык. Эмнеге ооган согушуна катышкандарга пенсия бар, Баткен окуясына катышкандарга  пенсия жок? Депутаттарды эмнеге шайладык?

Жалпысынан алганда мамлекетибизде мурдагыдан бир аз жылыш бар. Президент кетем деп атат. Акаев эсиңде барбы? Депутаттыка кызы да, баласы да койгон. Акаевдин колунан жалагандар, Бакиевдин , азыр Атамбаевдин да колун жалап жүрүшөт.  Бирок Атамбаев баарын болбосо да, бир тобун ийнине киргизе коюп атат, азамат. Бул тарых болот.

— Эми адабият, тармагындагы абал  боюнча кеп кылсак…

— Жазуучулар союзу турат, баягыдай эле.  Айлыгы жок. Арендасын төлөй албайт. Ар ким китеп чыгарса өз акчасына чыгарат. Чоңдор деле жазуучуларды бирдеңке жазса, мактаса берейин деп. Эми аны деле мактай албайсың да, эмнесин мактайсың. Адабият — эл көңүл бурганда адабият болот. Азыр эч ким көңүл бурбайт. Согуш маалында поэзия китептери 10-15 миң тираж менен чыккан. Азыр 200 менен чыгарып атышат.  Бир убакта Есениндин ыры 50 экземпляр менен чыккан. Ошентип заман оңолот дегиче эле, эл ал ортодо адабият эмне экенин билбей өтүп кетип жатышат. Акыркы 25 жылда адабиятка көңүл бурулбай калды. Азыр эл тантык  тил менен сүйлөйт. «Аман -эсен жатасыңбы? десең, аман-эсен жатам! -дейт . Бир күлдүрүп, жадырап-жайнап сүйлөгөн кишини көрбөйсүң. Ушунун өзү биздин, адабиятыбыздын, журналистиканын, концерттерибиздин деңгээли. Бирок, Кудайга тоббо, күндү көрүп жашаганыбызга. Акаевдин, Бакиевдин заманына караганда, оңолуш бар. Үмүт менен жашайт адам. Үмүтт үзбөш керек.

Чыгармачылыгыңыз кантип жатат?

— Жакында эле 2 томдук чыгардым. Дагы бир 3 томдук чыгарсам деген оюм бар. Жаңы ырларды жакында өзүнчө чыгарам. Котормо менен алекмин. Дүйнөлүк адабиятт которуп койгом, ошону кайра бир том кылып чыгарсамбы деп атам. Акындар котормону жакшы түшүнбөсө болбойт. Жаштар көп эле ырларын алып келет. Орустун кайсы акынын билесиң десем билбейт, окубайт. Анан айтам, котормо деген бул көпүрө болот.

Сиз деле демөөрчү издемей да?

— Ошо да. Мен мисалга чоңуна барсам, 200 миң берет. Ошо 1 томго жетет. Сыйлаган кишилер бар. Абалды сурап турушат. Азыр кимди-ким билди, быржыбайды там басты деген болуп атпайбы. Дүйнөлүк жаңылыкьтарды карасаң, согуш, акыр заманга бараткандай да.

Калыгул атабыз айтып кеткен нерселер бүт эле келбедиби?

— Ал кишинин айтканы бар: «Атасынан баласы кыйын чыгар, Өз элин жоодой талаган жыйын чыгар » — дейт, ошолор мына Жогорку Кеңеш. Туура , мына өз элин талап атат. Калыгулду ушу кезге чейин окуп келдик. Заманист акындар катары. Азыркылардан Калыгулду сурачы билбейт. Сагымбай Орозбаковдун атын тыңдап билбеген вице-премьерлер иштеп атат. Ошолор кимди жыргатат. Башчы жакшы болмоюн, желин жакшы болбойт. Эмне үчүн, мурда жакшыны тегини карап тандаган, бул чоң акылдуулук да. Кедей деген кедей ал дайыма деңгээли ошол бойдон калат. Демократия деген ошо экен да, кедейлерге сен мыктысың сүйлө деп коёт, алар өзүнүн келесоо экенин билбейт. Мына бир окумуштуу жигит кулактык боюнча илимий иш жактаптыр.

Орто Азия боюнча кыргыздарда кулакка көп тартылган. Кыргыздар байысам анан, минтсем деп жүрбөйбү, казактар да, өзбектер да бизден көп. Улут бол деген сөз да мунун өзү. Мына Оренбургда канча калды. Украинада канчасы? Ч.Айтматовдор мыны Украинадан келген. Чодронов деген аксакал болгон география боюнча телевидениеден сүйлөчү. Кыргыздын өзүнүн генетикасы күчтүү.  Бирок ошондой болсо да,  биз дагы эле болсо улут катары калыптана элекпиз. Илгери совет өкмөтү келгенде, байкуш байлар оро казып, буудайларын катып койсо,эшигинин алдында тамагын ичип, оокатын жасап жүргөн малайы, кедейлер эле сатып койгон да. Мына бул, буудайы, жылкысы ал жакта, байлыгы бул жакта деп. Мына типичный кыргыздын жүзү. Боогачы акындын 4 аялы болгон. Контур болуп, Нарында өлдү өзү.Аны да сатып коюшкан. Кыргыздар кыйын иш башка түшүп турганда сатып коёбуз да.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here