Стоматологиялык клиникада каза болгон кыздын ата-энеси медиктерге жазасын алдыралбай келишет. 13 жаштагы Жансай Омарованын , наркоздон анафилактикалык шок алгандыгын бир нече экспертиза далилдеп берген. Клиника болсо, кыздын каза болушун кырсык катары айтышууда, бирок, ошол учурда наркоз берүүгө лицензиясы жок болгондугун моюндоодо. Бул тууралуу КТК телеканалы билдирди.

Сырты жалтыраган жеке менчик клиникага Магжан Омаровага каргашалуу жер болуп калды. Бир жыл мурун ал жолдошу менен кызын жетелеп келип кайра бир саатка жетпей кызынын денесин көтөрүп кеткен. Жансай ДЦП менен төрөлсө да , деңизге, чет жердик дарыгерлерге көрсөтүп жатып сүйлөп, басып калган.

«Клиникага алып келгенде, кызыма эч кандай «проба» жасабай эле дароо наркоз беришти. Анан «16 тишин бир сеанс менен эле жулуп, дарылайбыз»-  деп киришти. «Дароо кантип 16 тишин бир жуласыңар?»- десек , “биз адиспиз” дешкенден макул болгонбуз.

«Анан эле кызым наркоздон турбай калды», — деп айтты кыздын атасы.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here