Чагылган: Социалдык желелерде Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзёёвдин кол алдындагыларга кезектеги «тапшырмасынын» аудиожазуусу тарап кеткен.

Мирзёёвдин айтымында, эки жыл катары менен Өзбекстандын чиновниктери суткасына 24 саат иштейт жана анын уруксатысыз эч кимиси үйүнө кете да албайт. Мамлекеттик жогорку даражадагы чиновниктердин аталган талапты кандай аткарып жаткандыгын  үстүнөн көзөмөлдөп туруучу «атайын бөлүм» да түзүлгөн.

«Мына биз эмне үчүн «эл менен мамиле түзүү жылы» деп  жарыяладык деп ойлойсуңар? Мурункудай эле жүрө беребиз деп ойлодуңар беле? Же акыры иштейсиңер же ордуңарды бошотуп кетесиңер. Силер баарын коррупцияга батырдыңар.Азырынча жетишерлик деңгээлдеги кадрлар жок болуп жатканы силердин бактыңар, а биздин бул башкы көйгөйүбүз. Эки жылдан кийин жаңы кадрларды даярдайбыз, жаштар келет», — деп айтты Президент.

Бирок, ал талапты аткарбаган чиновниктер кантип жазаланарын жана кадр жок болсо аларды кызматтан кетирсе, ким иштерин тактаган жок. Жаңы кадрлар каякта даярдалып жатат, кайдан келет? — ал да белгисиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here