Чагылган: Чынында эле буга чейин Чубак ажыдан башка молдоке, ажыларыбыз, дин аалымдарыбыз төшөк маселесин ушунчалык ачык айта элек болчу.

Ал эми кандай суроо берсең да, ага ачык-айкын жооп берген, эч нерседен тартынбаган, Чубак ажы, «улуу сөздө уят жок» жок деген сөздү аргасыздан эске салып, эркек менен аялдын төшөк маселесин ийне-жибине чейин, керек болсо ыкмаларын да кошуп, толук төкпөй-чачпай айтып берет.

Бул маселени, чынында жалпы коомчулук анчалык деле эрөөн-төрөнү жок эле угуп, кадыресе кабылдап келет. Бирок баары тегиз десек ашыкча болуп калаар. Анткени, дин аалымынын төшөк маселесин ушунчалык ачык айтканын жактырбай сындагандар да бар. Ажыбыз болсо шариятта айтылган нерсе деп айтып жаткан соң, биз да «молдокенин айтканын кыл, кылбаганын кылба» -деп уга берели. Пайдалуу жагын алып, аны турмушубузда ишке ашыра берели. Эмесе, Чубак ажынын төмөндөгү төшөк маселесине кулак төшөңүз. Бул жети мүнөттүк тасмада ажыке сиз ойлобогон нерселерди да айткан.

https://www.youtube.com/watch?v=EOD3ViJNP_E&feature=youtu.be

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here