Чагылган: Сауд Арабиясынын Принцессасы Дина аль-Жухани Абдулазизди белгилүү Vogue Arabia журналынын башкы реакторлугунан кетиришкендигин Financial Times жазып чыкты. Принцесса, журналдын  болгону 2 чыгарылышын чыгарган. Ал аны кызматтан кетиргендер менен  сотто жолугушаарын айтууда.  Маалыматка ылайык, Conde Nast холдинги принцессанын чыгарган журналдарын жакшы эле кабыл алышкан, бирок, аларды журналдын чыгашасы өтө эле көп болгону кейиткен.

Аталган басма, Абдулазиздин ордуна эки талапкер табылганын айтышууда, бирок алардын аттарын атоодон азырынча баш тартышкан.


 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here