Чагылган: Депутат Ирина Карамушкина, Бийлик «Коопсуз шаар» долбоорун аягына чыгаруусу керек жана буга күнөөкөрлөрдү айынка жыгуусу кажет деп эсептейт. Бул тууралуу , ал бүгүг, 18-апрелде , ЖКнын эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитеттеринин жыйынында билдирди.

Аталган комитеттер өкмөттүн 2016-жылга карата иштеринин жыйынтыгын угушту.»Коопсуз шаар» долбоору боюнча маселе мурдатан бери көтөрүлүп келе жатат. Мен өзүм тендердик комиссияда болгом. Менден башка, Наталья Никитенко (Ата-Мекен), Суракматовдор болушкан. Кырдаал дагы деле аныгына чыгалек. Мелис Турганбаев пара алдыңар деп бизди күнөөлөп коюп, өзү акырын кетип калды. Эч ким жазасын алган жок», -деп айтты ал.

И.Карамушкина, аталган долбоордо ким миллиондорду мойсогонун аныктап берүүсүн суранып, вице-преьмерге жана Ички иштер министрине кайрылды.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен жасалган «Коопсуз шаар» долбоорунун тендердик комиссиясынын курамына: Асанов Курсан Сатарович — КРнын ички иштер министринин орун басары,тендердик комиссиянын төрагасы.

— Курманова Айдай КРнын Экономика министрлигинин статс-катчысы, тендердик комиссиянын төрагасынын орун басары.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрү:

— Абдырахман уулу Кутманалы — вице-мэр города Ош;

— Абдирасулова Азиза Папановна — укук коргоочу;

— Абдукаримов Равшан Төрөжанович — укук коргоо иштери боюнча көз карандысыз эксперт;

— Атантаев Эрлан Муканович — Бишкек шаардык Башкы ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын башчысы;

— Бокоев Кенжебек Сатымкулович — депутат ЖК;

— Гусаров Игорь Константинович — депутат ЖК;

— Дүйшөнов Нурлан Талантбекович — КРнын ИИМнин мамлекеттик сатыфп алуу жана тендер боюнча бөлүм башчысы;

— Курманалиев Арстанбек Абдиназарович —  МинЮст, долбоорлор боюнча эксперт;

— Калыбек уулу Эржан — КРнын Мамкаттоонун алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адиси;

— Мамжаров Владимир Михайлович — КРнын ИИМнин 8 чи Башкы башкармалыгынын башчыс;

— Масабиров Таалайбек Айтматович — КРнын Бажы кызматынын башчысынын орун басары;

— Никитенко Наталья Владимировна — депутат ЖК;

— Орозбеков Пальмир Жаныкеевич — КРнын ИИМнин укуктук камсыздоо башкармалыгыны башчысы;

— Попиков Олег Владимирович — Бишкек шаарынын вице-мэри;

— Суракматов Азиз Эмилбекович- ЖК депутат;

— Сулайманов Алишер Дүйшөнович — Политехте окутуучу;

—  Садыков Ишенбек Абдымаматович — Транспорт жана коммуникация министрлигинде бөлүм башчы;

— Сырдыбаев Сүйүнбек Мадылбекович — «Коррупцияга каршы кыргыз парламенти» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;

— Ткачев Владимир Валерьевич — «Кыргызтелеком» ААКнын маалыматтык директору;

— Токтакунов Дүйшөнаалы Сулпукарович — Бишкек унаа мектебинин директору;

— Черногубова Наталья Николаевна — КРнын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик  байланыш жана көзөмөл агенттигинин бөлүм башчысы;

— Маматбеков Канат Жумабекович — КРнын ИИМ, улук инспектор;

Белгилүү болгондой коррупциялашып кеткен бул долбоорго ИИМдин мурунку министри Турганбаев кол койбой туура кылган эле. Ал Карамушкина бүгүн айткандай пара алгандардын четин ошол кезде эле чыгарган. Бирок эмгиче ал маселе тыкыр каралбай келет. Кыязы, бул пара алуу ишине бийликтин бийик секисинде олтургандар да аралшканы чын. Болбосо эчак, жоопко тартылчуусу тартыла баштамак. Бирок азыр болбосо да, кийинчерээк ачыкка чыгат. Генерал Турганбаев бир күнү дагы тереңдетип пара алгандарды айтат чыгаар. Ким билет эми, ал жагын күтө туралы.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here